Пример HTML-страницы

Айланма жолдогу өрт. Жалын коңшу өлкөдөн тутанганы белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 20-апрелде Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында, тактап айтканда Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун жээгинде өрт чыкты. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Ал эми Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы билдиргендей, жерине барган өрт өчүрүүчү кызматкерлердин маалыматы боюнча, өрт коӊшу мамлекетте болуп жатканы аныкташкан.

«2023-жылдын 20-апрелинде Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 36-чакырымында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, өрттү өчүрүүгө Ысык-Ата райондук №4 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Бирок өрт Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Кордай районунун Байтерек айылында Чу дарыясынын жээгинде камыштардан чыгып жаткандыгы маалым болуп, учурда өрт толугу менен өчүрүлдү. Жерине облус жана район жетекчилиги да барды», — деп айтылат маалыматта.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE