Пример HTML-страницы

Адыл Чапкынчиев Нарын шаардык жашылдандыруу ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаардык жашылдандыруу ишканасынын жетекчиси болуп Адыл Чапкынчиев дайындалды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жашылдандыруу ишканасынын мурдагы жетекчиси Нарынбек Өмүрканов өз арызы менен жетекчилик кызматтан бошотулду. Адыл Чапкынчиев Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин буйрунунун негизинде аталган ишкананын жетекчиси болуп дайындалды.

Чапкынчиев Адыл Турарбекович 1979-жылы туулган. Жогорку билимдүү, кесиби боюнча экономист. Кошумча сантехник, электрогаз ширетүүчү билимине ээ.

Эмгек жолу:

— 2007-2019-жылдары автомектептерде мугалим;

— 2019-2022-жылдары Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун чарба иштери боюнча орун басары.

Нарын шаардык Кенешинин V чакырылышынын депутаты болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE