Пример HTML-страницы

2 жыл мурун эрдик көрсөткөн Амантур Абакиров быйыл да элдин мактоосуна татыды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Балыкчы шаарында сууга түшүп кеткен эки өспүрүм бала куткарылды. Аларга көмөк көрсөткөн милиция кызматкери Амантур Абакиров окуянын чоо-жайын Turmush басылмасына айтып берди.

«Кечээ, 8-январь күнү саат 15:32 чамасында мага нөөмөт бөлүмүнөн телефон аркылуу байланышып, “Балыкчы шаарынын күн чыгыш тарабында жайгашкан 8-көлмөдө эки жаш бала чана тээп жатып сууга чөгүп кетишти. Эртерээк бара калгылачы” деп айтышты.

Балыкчы шаарынын мэриясында болчубуз. Чуркап чыгып эле автоунаа менен ылдамыраак айдап барып жеттик. Эң биринчилерден болуп жерине кесиптештерим Байболот Мамытов, Темирлан Кубатбеков үчөөбүз барганбыз.

Бир эже “куткаргыла” деп кыйкырды. Мен дароо чуркап барып эле музду тепкилеп кирип кеттим. Муз сынып эрий баштаган экен, тепкилесем, баланын колу бутума тийди. Анан суудан алып чыксам, денеси жансыз жандай эле болду. Жээкке чыгарып, ӨКМдин кызматкерлерине өткөрүп бердим. Алар алгачкы жардамды көрсөтүп жатышты. Анан кайра барып, ошол баланын инисин алып чыктым. Экөө 10, 12 жаштагы ага жана ини экен. Бирөөсүн тез жардам кызматы, экинчисин кызматтык унаа менен ооруканага жеткирдик.

Бүгүн, 9-январь күнү майда-чүйдөлөрүбүздү алып, балдарга барып келдик. Өзүм дагы суук өтүп кеткендиктен ооруканага барып, тамчылатма дары (капельница) алып оңолдум», — дейт Амантур Бакиров

Жалпы дарыгерлер практика борборунан балдарды жандандыруу бөлүмүнөн жаракат бөлүмүнө которулганын кабарлашкан.

«Жандандыруу бөлүмүнө кечки саат 16:25те сууга түшүп, үшүп калган абалда эки бала ооруканага түшкөн. Алардын бири 2013-жылы туулган А.Ж. кечээ, 8-январда жаракат бөлүмүнө которулган. Ал эми 2011-жылы туулган Ж.А. 9-январда эртең мененки саат 9:00дө жаракат бөлүмүнө которулду. Учурда алардын абалы туруктуу», — деп айтылат маалыматта.

Амантур Абакиров сууга чөгүп бараткан адамды экинчи жолу куткарып калды. 2022-жылдын февраль айында Балыкчы шаарында милициянын аймактык тескөөчүсү Абакиров өз жанын кыюуга аракет кылып, сууга секирип кеткен жаш кызды көлдөн куткарып калган.

Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургунданбилдирүү түшүп, анда көлдүн пирсинде белгисиз кыз сууга секирүүгө аракет көрүп жаткандыгын билдирген.

Окуя болгон жерге биринчилерден болуп өзүнүн кесиптештери менен Балыкчы ШИИБдин аймактык кызматкери Амантур Бакиров келген. Ал кызды сөзгө тартып, ойлонбогон кадамынан баш тартууну суранган. Бирок сөзгө көнбөгөн кыз муздак сууга секирген. Кызды куткарып калуу үчүн милиция кызматкери дароо анын артынан көлгө секирген. Анын жанына сүзүп келип, кызды жээкке чыгарууга үлгүргөн.

Андан кийин милиция кызматкерлери кызга биринчи жардам көрсөтүп, аны ооруканага жеткиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE