Пример HTML-страницы

Өзбек чек арачылары тарабынан атылган ала-букалык ата-балдар (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек арада болгон окуяда 48 жаштагы И.Ахмаджанов 24 жана 22 жаштагы уулдары менен каза тапты. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы алардын жакындары менен байланышып, алардын абалын сурап билди.

Маркум И.Ахмаджановдун бир тууган эжеси Маликахан Ахмаджанованын айтымында, иниси өткөн жылдын ноябрь айында эки уулун үйлөнтүп, жарыкка келчү неберелерин күтүп жаткан.

«Иним эки уулу менен чек арада каза болгондугун кечээ түнү уктум. Угаар замат инимдин үйүнө келип, келиндерге болгон ишти түшүндүрдүк. Кечээтен бери үйдө тез жардам кызматы туруп, келиндерге көз салып жатат. Инилеримдин сөөктөрү эртең менен мейитканадан алып келинди. Өткөн жылдын ноябрь айында 24 жаштагы Жасурбек менен 22 жаштагы Жавланбекти үйлөнткөн. Эки келин тең кош бойлуу болуп, иним неберелерин күтүп жаткан.

Буга чейин иним эл катары Россияда иштеп, акыркы жылдары айылда жер семирткич алып келип, сатып ишкерлик менен алектенип жаткан. Кечээги окуя кандай болгондугун билбей калдык. Эми жыйынтык чыкса белгилүү болот. Инилерим акыркы сапарга узатылганын келиндерим биле элек», — деди Маликахан Ахмаджанова.

Маркум И.Ахмаджановдун 4 баласы баласы бар. Кичүүлөрү 2003 жана 2008-жылкы балдар.

Буга чейин Чек ара кызматы өзбек чек арачыларынын огунан Кыргызстандын 3 жараны көз жумганын билдирген.

Кечээ, 5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигиндеги кыргыз-өзбек чек арасында Өзбекстандын чек арачылары Кыргыз Республикасынын үч жаранына ок атышкан. Анын кесепетинен 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган А.Ж. жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилген. Бирок алар эс-учуна келбей, каза болду.

Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Кыргызстандын Ала-Букадагы чек ара өкүлү Өзбекстандын Янги-Курган боюнча чек ара өкүлү менен жолугуп, тараптар ички иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жолугушууну бүгүн, 6-майда улантууну макулдашкан.

Ушул жылдын апрель айынын башында Аксы районунун Авлетим айыл аймагына караган Дейрес-Сай айылында 2 кыргыз жараны өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан. Алар коңшу өлкөнүн чек арасына 500 метр кирип кеткени айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE