Пример HTML-страницы

Өз үйүндө өмүрүн тобокелге салып жашаган Ат-Башыдагы үй-бүлө. Алар элден эмнени өтүнүштү?

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 66 жаштагы тургуну Мелис Токсумаков 3-топтогу майып. Анын учурдагы абалы менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыздын айтымында, үйүндө жубайы жана 1 кызы менен турат. Жубайы Нургул Үкүбашова да онкологиялык оору менен жабыркайт. Мындан 3 ай мурун алар жашаган тамдын жарымы сыртты көздөй кулап түшкөн. Тамынын наркы бети дагы жарака кетип, үстүнөн тамчы тамып, шамал кирип, жамгыр ага берип, ичи саргарып чыккан. ошондой эле полу түшөйүн деп, дубалдарында жарака бар.

Тактап айтканда, мындан 5 жыл мурун бул үй ӨКМ тарабынан авариялык абалда деп табылып, камсыздандырууга болбойт деген чечим чыгарып беришкен. Бирок үй ээлери там салууга жана тамды оңдоого каражаты жетишпегендиктен ошол эле абалдагы тамда тобокелге салып жашап келишет. Алар кайрымдуу, боорукер жарандардан жардам сурап жатышат.

«2022-жылдын март айында тынымсыз жааган кардын кесепетинен чатырдан тамчы тамып, дубалы кулап калды. Тамды тургузууга өзүмдүн мүмкүнчүлүгүм жетпейт. Кайрымдуу адамдардан жардам сурайм. Наркы жагында 2 бөлмө бар.Үйдүн курулганына 50 жыл болду, учурда авариялык абалда.

Кулап калгандан кийин молдолор, социалдык өнүгүү башкармалыгынан, айыл өкмөттөн келип, азык-түлүк алып берип кетишти. Алар кайрымдуулук фонддорго кайрылып, жардам сурайбыз дешкен. Тамдын үстүндөгү шифер чирип калган экен. Тиреп турган материалдар дагы жарактан чыгыптыр, тамдын бир бети кулап түштү.

Биз аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайбыз. Мен 7000 сом, жубайым 4000 сом пенсия, кызым 1000 сом жөлөкпул алабыз. Элден үмүт кылып атам, тамды оңдотуп беришсе жакшы болор эле. Бала кезден бутум ооруйт, инсульт болдум. Улуу кызым Россияга иштеп кетти, кичүү кызым 6-класста окуйт», — деди ал.

25 жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жаткан жубайы Нургүл Үкүбашова дагы онкологиялык оорусу менен учетто.

«Мен Калинин айылынын кызы болом. Быйыл 50 жашка толдум. Күндөрдүн биринде там жолдошум тарапка кулады. Мен дароо чуркап барып карадым. Дагы жакшы учуп кетпей, аман калды. “Ай Мелис” деп барсам, “Мен бармын, бармын”деди. Жанына барсам тирүү экен, Кудайга ыраазымын. Бул да болсо Кудайдын сыноосу. Үй-бүлөбүз менен кайрымдуу жарандардан жардам сурайбыз. Колуңуздардан келген жардамыңыздарды берсеңиздер, жакшы болот эле», — деди ал.

Жардам берүүнү каалагандар Нургүл Үкүбашова 0507 248 050 номуруна байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE