Пример HTML-страницы

Өмүр менен өлүмдүн ортосунда жаткан Азаматтын жашап кетүүсү үчүн кандай кадамдар жасалган?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарында жол кырсыгына кабылган 32 жаштагы Азаматтын буттарына оор операция жасалды. Бул тууралуу Токмок шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун сынык-жаракат бөлүмүнүн башчысы Дамир Дүйшенов билдирди.

«Өткөн аптада Азаматтын буттарында операцияда калтырылган темирлери 1,5 жылдан кийин алынды. Ал кырсыкка кабылса да, жаракат албагандай болуп, жеӊил басып жүрөт. Болбосо анын өмүрү үчүн 6 саат күрөшкөнбүз», — деди ал.

Дарыгердин айтымында, жол кырсык 2020-жылдын ноябрь айында Токмок—Бишкек унаа жолунда болгон.

«Кандай үлгүдөгү унаа экени эсимде жок. Кырсыктан соӊ бизге эки бейтап келип түштү. Анын бири жабык сынык жаракат алса, экинчиси ачык сыныктары менен (отрытый перелом) оор абалда келди. Ачык сынык деп, сынган сөөктөр этти, терини тешип, сыртка чыгып калганды айтабыз. А бул бейтаптын бир гана сөөктөрү сынбастан кан тамырлары, артериясы дагы (сосуды, бедренной артери) жабыркаган. Ушундан улам андан абдан көп кан кетип, кан басымы ылдый түшүп кеткен.

Бизде ооруканада запаста дайым кан болот. Жандандыруу бөлүмүндө реаниматолог дарыгерлер ага кан жана керектүү дарыларды куюп жатышты. Биз кан тамырын басып, кармап турдук. Негизи кан тамырларды тиккенге мүмкүн эмес. Аны атайын хирургдар тиге алышат. Андыктан биз кан тамырларды (сосуды) тиккен дарыгерлерди Бишкек шаарынан чакырттык. Алар 2 сааттын аралыгында келишти. А биз болсо, 2 саат бою кан тамырды кармап турдук. Антпесе кан кетип, каза болуп калышы мүмкүн эле. Алар келгенде, биз бейтапка операция кылуу үчүн 3-кабатка көтөрүп чыктык. Ренгенге да тарткан эмеспиз. Анткени андан кан кетип, кырдаал кыйын болуп турган. Ошентип Бишкектен келген дарыгерлер кан тамырларды тигейин дешсе эле, сөөөктөрү майдаланып сынып, учтары бычактын мизиндей курч болуп калыптыр. Ошолор кан тамырларды кесип кеткен экен. Алгач сөөктөргө операция жасап, андан соӊ кан тамырга жасайбыз. Антпесе, учтуу сөөктөр кайра кесип салат дешти. Бул менин практикамда, ал тургай угуп көргөндөрүм боюнча биринчи жолу болду. Биз операцияга кириштик. Узун темирлер бар болчу. Айла кеткенде ошолорду тазалап (стерилизация), сөөктөрүнө бир сааттан ашуун убакыт ичинде операция жасадык. Андан соӊ Бишкектен келген дарыгерлер тамырларын тигип, 4 саат операция жасашты. Алар дагы өмүрүндө биринчи жолу ушундай оор бирок, ушунчалык бат убакыттын ичинде операция болгонун айтышты. Анткени сан сөөгү башынан аягына чейин сынып кеткен (бедренный кость)», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE