Пример HTML-страницы

Жыл башынан бери Ысык-Көлгө 1 миллиондон ашык турист келди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүткүл дүйнөлүк туризм күнү жыл сайын 27-сентябрда белгиленет. Майрам 1979-жылы Дүйнөлүк туризм уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан бекитилген. Майрамдын максаты — туризмди жайылтуу, эл аралык мамилелерди өнүктүрүү.

Turmush басылмасынын кабарчысы президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн туризм жана инвестиция тартуу секторунун башчысы Нурбек Исланов менен маек курду.

Анын айтымында, быйыл облуста туристтердин агымы көп болду. Ушундан улам эс алуу жайларында орундарга суроо-талап жогору болуп жатты.

«Жайкы туристтик мезгилде 1 миллиондон ашык турист келди. Учурда статистика башкармалыгы менен бирге эсебин тактоо жүрүп жатат. Анда өлкөнүн башка аймактарынан, чет жерден келгендер чогуу саналган. Келген эс алуучулардын миллиондон ашуусу сезон жакшы болгонунан кабар берет», — деди ал.

Быйыл туристтер Өзбекстан, Казакстан, Россиядан жана башка КМШ өлкөлөрүнөн көбүрөөк келди. Ошондой эле алыскы чет өлкөдөн да келгендер бар.

«Туристтик агымдын туруктуулугу Ысык-Көл облусу менен башка мамлекеттердин региондору менен аба каттамдардын бар болуусу чоң рол ойнойт. Бул иште, Кыргыз Республикасынын башка өлкөлөрдөгү элчиликтердин, Башкы консулдуктардын активдүү иштөөсүнүн натыйжасында болду. Алсак, Россиянын Москва шаарынан тышкары Урал федералдык округунан, Новосибирск облусунан жана башка региондордон “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна түз аба каттамдар жүрүп жатты», — дейт ал.

Ал эми келген туристтерге шарт түзүү боюнча быйыл кабыл алуу жайлары да куруларын маалымдады.

«Туристтер жуунуп-тазаланып, муктаждыгын чечип, керектүү маалыматтарды алып, андан ары туристтик маршрутун улантууга 8 жайгашуу жайлары (rest point) Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду аркылуу куруу планга кирген.

Учурда эки жайдын тиешелүү иш кагаздары толугу менен бүтүп, Тоң районунун Кара-Коо жана Кажы-Сай айылдарында салынып жатат. Калган жайлар боюнча документтери бүткөрүлүүдө», — дейт сектор башчы.

Ошондой эле аталган фонд аркылуу облустун калктуу конуштардын жана туристтик жайлардын көрсөткүчтөрүн орнотуу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Ал эми туристтик мезгилде башкысы коопсуздук болгондуктан жалпы 1000ге жакын милиция кызматкерлери, 13 мобилдик топ коомдук коопсуздукту көзөмөлдөгөн.

Аны менен катар санитардык-эпидемиологиялык кызмат, экологдор менен иш алып барып, тамактануучу жана туристтик жайлардын, көл жээктердин абалы текшерилген.

Облуста 1512 жайгашуу жайлары бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE