Пример HTML-страницы

Жумгалдагы мектеп окуучулары жасаган тамак-аш 12 550 сомго сатылып, акча каражат балдар үйүнө берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун Чаек айылындагы Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинде окуучулардын кайрымдуулук жармаңкеси өткөрүлдү. Анда 100дөн ашык окуучунун колунан жасалган таттуу токочтор, сүт азыктары, жашылча-жемиштер жана улуттук суусундуктар сатыкка коюлду. Окуучулардын эмгектеринен түшкөн каражат балдар үйүнө тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Башталгыч класстын мугалими Гүлжан Асыранкулованын айтымында, кайрымдуулук жармаңкесинен түшкөн 12 550 сомдук каражатты мектептин мугалимдеринен турган жамаат Чаек айылында жайгашкан «Нур-Булак» балдар үйүнө тапшырды. Балдар үйүндө учурда 20га чукул бала тарбияланат.

«Бүгүнкү иш-чарабыздын негизги максаты — ата-энелер менен мектептин байланышын күчөтүү, окуучуларды эмгекке, боорукерликке тарбиялоо. Буюрса бул иш-чарабыз келечекте да уланат деп ойлойбуз. Ата-энелерибиздин активдүүлүгү азыраак болгону менен окуучуларыбыздын активдүүлүгү абдан жакшы болду. Бул иш-чарабыз максатына жетти де ойлойм», — деди ал.

Аталган мектепте жалпы 600гө чукул окуучу билим алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE