Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы эки эне Россияда иштеген уулдары «подстава» менен камалып кеткенин айтты. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 29-сентябрда акыйкатчы Жамила Жаманбаева Жалал-Абад облусундагы жашоочулар менен жолугушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад облусунун прокурору Турусбек Ишеналиев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө көзүнө жаш алган эки эне балдары Россияда куру жалаа менен менен кармалып калганын айтып, Кыргызстанга алып келүүгө укуктук жардам сурашты.

Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл аймагынын тургуну Адалат Нурумбетованын айтымында, Россияда иштеп жүргөн уулу 2020-жылы «подстава» менен камалып кеткен.

«Уулум Россияда иштеп жүргөн жеринен баңгизат менен кармалды деп 8 жылга камалып кетти. Кайрылбаган, барбаган жерим калбады. Жок дегенде сүйлөштүртүп койгулачы. Баламдын айыбы жок», — деди ал.

Акыйкатчы эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары аркылуу маселени чечүүгө боло турганын айтты.

Жалал-Абад облусунун прокурору Турусбек Ишеналиев миграцияда жүргөн уулу камалып калганын айтып, кайрылгандар көп болуп жатканын билдирди.

«Биздин жарандар көбүнчө курьер болуп иштешет. Айтылган жүктү жеткирем деп, билбестен кылмышка аралашып калышууда. Шылуундар пайдаланып жатышат. Мындай фактылар көп болууда. Бул маселе Жогорку Кенеште да каралган. Сиз Россияда чыккан соттун өкүмүн алып, биздин башкы прокурорго кайрылышыңыз керек», — деди ал.

Ошондой эле Жерге-Тал айылынын тургуну Алмагул Шарипова да Россияда иштеп жүргөн уулу 3 ай мурун камалып кеткенин, учурда соттук териштирүү башталганын айтып, уулун Кыргызстанга котортуп берүүнү суранды.

Жолугушууда аталган жаранга карата чыгарылган сот өкүмү күчүнө кирмейинче аралаша албай турганын айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE