Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда түн каткан белгисиз адамдар 49 жаштагы тургундун үйүнө бастырып киришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы тургундан опузалап акча талап кылган шектүү Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын 49 жаштагы тургуну облустук милицияга арыз менен кайрылып, буларды билдирген: 2022-жылдын 31-мартында түнкү саат 03:00 чамасында анын үйүнө бейтааныш беш бала кирип, «биз общактанбыз» деп коркутуп, ноутбук жана «Редми» үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан. Андан кийин аны унаага салып, талаага алып барып, ур-токмокко алышкан. Ошондой эле, 50 000 сом талап кылып, кайра үйүнө таштап кетишкен.

Аталган арыз 1-апрель күнү Жалал-Абад ОИИБ тарабынан КБРге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында 6-апрелде Сузак районунун 1997-жылы туулган тургуну Ш.М. шектүү катары кармалып, соттун санкциясынын негизинде баш коргоо чарасы 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Жогоруда көрсөтүлгөн шектүүнүн кылмыштуу шериктерин аныктап, тергөө кызматына камсыз кылуу максатында бир катар ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, мурда соттолгон, Жалал-Абад шаарынын 1997-жылы туулган тургуну Р.Э. кылмыштуу шериги экени такталган. Ал 2022-жылдын 13-май күнү Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бүгүн шектүү Р.Э.нин баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралмакчы», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE