Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда үй-бүлөлүк эс алуу трагедия менен аяктады

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунда сууга агып кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 10-июнь күнү Бишкек—Ош унаа жолуна жакын жайгашкан Итагар жайлоосуна 3-4 үй-бүлө эс алууга келишкен. 1983-жылы туулган Т.К. суу боюнда сүрөткө түшүп жатып, таштын үстүнөн сыйгаланып жыгылып, Итагар суусуна агып кеткен.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, Итагар суусунун жээгинде болжол менен 10 чакырымдай аралыкта издөө иштерин жүргүзүшүп, кеч кирип кеткендигине байланыштуу жумуш убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 11-июнь күнү издөө иштери куткаруучулар тарабынан улантылып, саат 09:30да аталган жарандын жансыз денеси табылып, суудан чыгарылып, РИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE