Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында 75 керебеттүү балдар клиникалык ооруканасы ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында 75 керебеттүү балдар клиникалык ооруканасы пайдаланууга берилди.

Саамалыкка оорукана имаратын курууга каржылык көрсөткөн демөөрчүлөр, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнис Ормоков, Жогорку Кенештин депутаттары катышты.

Маалым болгондой, балдар ооруканасын курууда Жалал-Абад шаардык мэриясы долбоорду бүтөрүп, жер тилкесин ажыратып берген жана айланасын көрктөндүрүү, канализация, жылуулук маселелерин бүтөрүүгө 13 миллион сом бөлгөн. Ал эми имаратты чет элдик демөөрчүлөр курган.

Заманбап имаратта кабыл алуу, кыска мөөнөткө жаткыруучу, трамватология, хирургия бөлүмдөрү жана операциялык блог жайгашкан. Жаш балдар үчүн оюн-зоок аянтчасына чейин уюштурулуп, балдарга ылайыкташтырылган түрдүү сүрөттөр менен кооздолгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE