Пример HTML-страницы

Жаңы эле баш кошкон жубайлар социалдык тармактагы түз эфирден кийин сотко барышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык соту үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жарандын үстүнөн топтолгон материалды карап, 2024-жылдын 22-февралында токтом кабыл алды.

Анвардын (аты өзгөртүлдү, Р.А.Н.) билими орто, мурда укук бузуу жоопкерчилигине тартылган эмес, убактылуу эч жерде иштебейт.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Анвар 2024-жылдын 18-февралында саат 11:00 чамасында келинчеги Алтынгүлдү (аты өзгөртүлдү, Н.М.) жаман сөздөр менен сөгүп, ага кол көтөрүп, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган.

Соттук отурумда Анвар күнөөсүн мойнуна алып, буларды көрсөттү. Анын айтымында, жабырлануучу Алтынгүл экөө 2024-жылдын январь айында баш кошушкан. Келинчеги окуя болгон күнү социалдык тармактардын биринде өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде отурган. Анвар бул көрүнүшкө ачууланган. Андан кийин жабырлануучуну кызганып, жаман сөздөр менен тилдеп, бир жолу чаап жиберген.

Соттук отурумда жабырлануучу Алтынгүлдүн айтымында, Анвар менен турмуш курганына бир ай болгон. 2024-жылдын 18-февралында болжол менен саат 11:00 чамасында үйгө кирип келип, түнү менен түз эфирде отурдуң деп, бир жолу чапкан. Андан кийин жаман сөздөр менен тилдеген.

Жабырлануучу азыркы учурда күйөөсүн кечиргендигин көрсөтүп, ага карата жаза белгилебөөнү суранды.

Жыйынтыгында Анвар Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) менен күнөөлүү деп табылып, 40 сааттык мөөнөткө коомдук иштерге тартылды.

Токтомго нааразы тарап 10 күн ичинде ушул сот аркылуу Ош облустук сотко апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE