Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө коомдук тартипти жүздөгөн милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНооруз майрамына карата Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Бул тууралуу аталган түзүмдүөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 500дөн ашык милиция кызматкерлери массалык майрамдык иш-чараларда укук тартибин камсыз кылууда.

«Өздүк курамдын өзгөчө көңүлү мыйзамдуулукту сактоого, сабырдуулукка, жарандарга сылык мамиле кылууга, иш-чаранын катышуучулары менен укуктук диалог жүргүзө билүүгө бурулган. Облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан жарандардын Нооруз майрамын жакшы тосуп алуусу үчүн коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык тийиштүү чаралар колго алынган», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE