Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө «Дүйнөлүк көчмөндөр модасы» фестивалынын үчүнчү көргөзмөсү уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунда «Дүйнөлүк көчмөндөр модасы» фестивалынын үчүнчү көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыиматка караганда, ага дүйнөлүк мода индустриясында кадыр-баркка ээ болгон кутюрье, ошондой эле жаңыдан иштеп келе жаткан дизайнерлер катышышты. Дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген дизайнерлер, ошондой эле кыргыз чеберлеринин этника, түркүн түстүү кездемелер, көчмөн цивилизациялардын улуттук кийимдеринин түсү, мунун баары көл жээгинде мода сүйүүчүлөрү жана эс алуучуларга тартууланды. Дүйнөлүк көчмөндөрдүн мода фестивалы өзүнчө уникалдуу. Себеби борбордук Азияда гана эмес, Европада да мода индустриясы үчүн өзгөчө жаңылык жараткан алгачкы аянтча.

«Биз кыргыз мода индустриясын өзгөчө нукка салалы, Кыргызстанды Борбор Азия өлкөлөрүнүн мода индустриясынын борбору кылалы деп аракет кылуудабыз. Бул нерсе колдоого алынып, ошол бийиктике умтулуп жатабыз. Ошондой эле биздин иштеп чыккан костюмдарыбыз чынында өзгөчө. Себеби ар бир костюмдун үстүндө дизайнерлер үч ай, алты, бир жылга чейинки убакта иштеп чыгабыз. Ошондо кийимдин материалы, кездемелерине чейин тандалат. Анан ушул фестивал аркылуу коомчулука алып чыгабыз», — деди «Дүйнөлүк көчмөндөр модасы» фестивалынын уюштуруучусу Назира Бегим.

Чынында бул долбоордун аналогдору башка өлкөлөрдө азырынча жок. Бул аянтчанын алдында азыр көптөгөн өлкөлөрдүн кадыр барктуу дизайнерлери, жаратуучулары бириге баштады. Үчүнчү ирет өтүп жаткан фестивалга жалпы 50дөн ашык өлкөлөрдүн өкүлдөрү чыкырылып, алардын 20дан ашыгы катышып жатат.

Бул фестивалга Россиядан «Эдегей бий жана костюм» театры келген. Театрдын костюмдары табышмактуу жана изилденбеген, мистикалык жана экзотикалык, байыркы жана өзгөчө болуп тартууланды. Ар бир кийим өзүнчө доорду, андагы жашап өткөн ханышалардын образдарын көрсөтөт.

«Биздин көйнөктөр биздин улуттук элементтери менен тигилген. Кооз көйнөктөрдөгү элементтер аркылуу биз бай тарыхыбызды, маданиятыбызды, ата-бабаларыбыз кандай жашап өткөнүн даңазалап көрсөтө алдык», — «Эдегей бий жана костюм» театрынын өкүлү Наталья Соднаум.

«Эдегей бий жана костюм» театры быйыл май айында өрттөнүп кетип, андагы кийимдердин бай коллекциясы күйүп кеткен. Дизайнерлер кыска убакта тогуз колекцияны калыбына келтиришкен.

«Бийик тоолор, ортосундагы керемет көл менен мода көрсөтүп жаткан сулуу аялзаты, эркектер бир гармонияны жаратат экен. Абдан кооз жана кызыктуу костюмдарды көрсөтүштү. Алар кыска убакта мындай кийимдер колекциясын калыбына келтирип жетишкендерине таң калып жатам. Бир аз жашы өтүп калган аялзаты да жагымдуу мода көрсөтүштү. Биз кайра-кайра келип көргүбүз келет. Бирок биз алыстан, аз убакытка гана келгенибиз өкүндүрүп жатат», — деди Санкт-Петербург шаарынан келген турист Игорь Меншиков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE