Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдүн чыгышында мөндүр аралаш жаандан кийин сел жүрүп, 8 үй жабыркады

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунун Челпек айыл аймагынын Бурма-Суу айылындагы бир нече көчөнү жана турак жайлардын короолорун сел каптады. Учурда каналдарды бекемдөө жана турак жайларды тазалоо иштери жүрүп жатканын райондук жарандык коргонуу штабынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 13-июлда саат 14:00 чамаларында нөшөрлүү жааган жаандан кийин 4 коктудан чогулуп келген суунун кесепетинен ички чарбалык каналдан суу ташып, 5 үйдөгү алма бак, карагат жана жерлерди алып, 3 үйдүн жер төлөсү сууга толгон. Ыкчам түрдө сел каптаган жерге райондун акими, айыл өкмөт башчысы, райондук суу чарба башкармалыгынын жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери барган.

Челпек айыл өкмөтү тарабынан 1 даана экскаватор техникасы менен ички чарбалык каналдын жээктерин бекемдөө жана тазалоо иш-чаралары жүргүзүлдү. Ал эми суу каптаган короо жайлардагы сууну сордуруу үчүн 1 даана АСМ автоунаасы, 3 аскер кызматкери жана 1 даана мотопомпа тартылды.

Алдын ала маалымат боюнча, селдин кесепетинен Бурма-Суу айылындагы 8 турак үйдүн короо жайын суу каптаган. Адам өмүрү кыйылган жок.

Чыгымды эсептөө үчүн атайын комиссия жеринде иш алып барат.

Буга чейин Ак-Суу районунда мөндүр аралаш жаан жаап, үйлөрдүн короосун суу каптаганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE