Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдүн Бостери айылында түшүм майрамы өткөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Бостери айылында «Берекелүү күз» аталышындагы түшүм майрамы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Сопиевдин айтымында, быйыл өзгөчө буудай, арпа айдагандар мол түшүм алышкан. Анткени жазгы айдап-себүү иштери башталганда, дыйкандар жаңы үрөндөн алып себишкен. Аймакта мол түшүм алган дыйкандардын кубанычын, ушундай иш-чара өткөрүү менен белгилеп жатышканын кошумчалады.

Түшүм майрамына арналып жасалган түркун эмгектердин сынагы өтүп, Бостери жана Бактуу-Долоноту айылынын тургундары, андагы бала бакча жана мектептин жааматы катышты. Мунун менен катар иш-чара спорттук мелдеш жана концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE