Пример HTML-страницы

Ысык-Көл жана Ош облусунун аймактарында аянычтуу окшош өлүмдөр катталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 12-июль күнү Ош облусунун Кара-Суу районунда сууга чөгүп кеткен эки жаш баланын жансыз денеси табылды.

Шарк айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, каза болгон балдар Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына караштуу Асан-Чек айылынын тургундары. Балдар жаңы салынып жаткан үйүнө келип кеткенден кийин дайынсыз болушкан. Андан соң Южный каналга чөмүлүшкөнбү, айтор анысы белгисиз. Анткени алардын жанында экөөнөн башка эч ким жок болгон.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиргендей, маркум балдар ата-энеси менен жаңы салынган үйдө чогуу жашашкан. Үй каналга жакын болгон.

  • ӨКМдин маалыматына караганда, кечээ, 11-июль күнү өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Ачы айылынан агып өткөн Южный каналына 2014-жылы туулган К.М. жана 2016-жылы туулган К.М. аттуу жаш балдар түшүп кеткендиги тууралуу кабар түшкөн.

Бүгүн, 12-июль күнү эртең менен Кара-Суу району боюнча ӨКБнын өздүк курамына айгай жарыяланган. Издөө иштеринин натыйжасында саат 11:06да 2014-жылы туулган К.М. аттуу жаш баланын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Ошол эле күнү саат 11:32де 2016-жылы туулган К.М. аттуу жаш баланын жансыз денеси туугандары тарабынан табылды.

Каракол ШИИБге 6-июль күнү саат 20:50 чамасында калаанын 1989-жылы туулган тургуну телефон аркылуу кайрылып, 2018-жылы жана 2021-жылы туулган 2 кызы саат 15:00дөн бери дайынсыз болуп жатканын кабарлаган. Билдирүү катталып, издөө иштери жүргөн.

Кыздарды издөөгө №15 Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, шаардык ички иштер бөлүмүнөн 60 кызматкер, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан 10 кызматкер тартылган.

Эртеси, 7-ююль күнү дайынсыз болуп жаткан 2 кичинекей кыздын жансыз денеси табылган. Күбөлөрдүн айтымында, кыздардын сөөгү шаардын төмөнкү аймагында жайгашкан таштанды жайдын аймагынан агып өткөн суудан табылган.

Каракол ШИИБдин маалыматына ылайык, бир кыздын бут кийими суу жээктен табылгандыктан бардык күч суу бойлой издеген. Ошол жерде орун алган видеобайкоолор, суу жээктер каралып, Бөрү-Баш айылынын аймагынын Каракол суусунан кыздардын жансыз денелери табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE