Пример HTML-страницы

Turmush: Жалал-Абад шаары Кыргызстандагы экинчи экономикалык борбор болот,

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаары экинчи экономикалык борбор болот. Бул тууралуу кечээ, 1-февраль күнү жыл жыйынтыгы чыгарылган коллегияда айтылды.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, калаага өкмөт тарабынан 2 миллиард сом каралып жатат.

«Жалал-Абад шаарын экинчи экономикалык борборго айлантуу аракети көрүлүп жатат. Ошондуктан биз облустун ички дүң продукциясын көбөйтүүнүн үстүндө иштешибиз керек. Сиздер да салым кошуңуздар», — деди ал.

Бакыт Төрөбаев өлкө аймагында ички дүң продукциянын көлөмүнүн көрсөткүчтөрүн көтөрүү үчүн дагы да кадамдар жандана бере турганына токтолду. Ошондой эле ал аким-мэрлерге, айыл өкмөт башчыларына, мекеме жетекчилерине өкмөттүн жетишкендиктерин айта жүрүүнү белгиледи.

«Канчалык жумуш жасасаң да, социалдык тармактарда сын айткандар көп болууда. Сиздерге айтарым, жакшы жактарды айта жүргүлө. Сиздер менен чогуу ушундай көрсөткүчтөргө жеттик. Маселен 2022-жылдын ички дүң продукция 919 миллиард 400 миллион сом болду, бул 7 пайызга өстү. Акыркы 2 жылдагы статистиканы карасак, ички дүн продукция 317 миллиард сомго өскөн. 2023-жылы силер менен чогуу ички дүң продукцияны 1 триллиондон ашырууну пландап жатабыз. Сиз отчет берип жатканда, 4 көрсөткүчтү карап койсоңор. Мисалы, ички регионалдык продуктыны, өнөр жай, курулуш, айыр чарба, кызмат көрсөтүүлөрдү», — деди ал.

Анын айтымында, салык кирешелер да өскөн.

«Салык 154 миллиард сом, Мамлекеттик бажы кызматы 74 миллиард сом топтоду. Айына 24 миллиард сом киреше таап жатабыз. Бул эмненин эсебинен болуп жатат? Муну мен сиздерге айтып кетейин. ККМ (көзөмөл-кассалык машиналар) аппараттарынын колго алынуусу да таасирин берди. Бул аппараттардын иштөөсү менен 10 ай ичинде 1 триллион 400 миллиард сом жыйналды. Электрондук счет фактура 5 триллион 200 миллиард сомго жеттик. Мындай болгон эмес. Бул кадам артында жөлөк пулдар, пенсия көбөйдү. Анын менен катар ден соолугунан мүмкүнчүлүгу чектелген адамдардыкы да көбөйду. Мунун баары калк үчүн жасалып жаткан кадамдар. «Кумтөр» алынды, тоо-кен тармагынан 48 миллиард берилип жатат. Анын 26 миллиардын дал ушул «Кумтөр» берди. Мурда 5-6 миллиард төгүлчү экен, азыркы учурда Улуттук банкта 40 тонна таза алтын турат», — деди ал.

Муну менен катар Бакыт Төрөбаев өкмөт тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн 1 миллиард 550 миллион сом бөлөрүн, ага туннел казыларын, жол жана көпүрө салынарын, жумушчулар үчүн үйлөр куруларын кошумчалап кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE