Пример HTML-страницы

Turmush: «Согондунун кире беришинде эки адамдын жансыз денеси жатат»: Окуяга күбө болгондордун видеосу

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районуна караштуу Согонду айылынын кире беришинде адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгы катталганын окуяга күбө болгондор билдирди.

Алардын айтымында, Ош—Алай—Эркеч-Там унаа жолунун 93-чакырымында (болжол менен) фура менен жеңил унаа кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаа талкаланып, ал эми фура Гүлчө дарыясына түшүп кеткен.

Кырсыктан канча адам жабыркаганы белгисиз. Бирок, күбөлөр каза болгон эки адамдын жансыз денесин жол боюна жаткырып, бетин материал менен жаап коюшканын айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE