Пример HTML-страницы

Turmush: «Асфальт жол толкундай булкунуп жатты»: Таластагы жер титирөөнү эскерүү

Акыркы жанылыктар

Turmush23-январда түн ортосунда Кыргызстанда жер титирөө катталып, Талас шаарында, Бишкек шаарында, Ысык-Көлдө көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар эшикке чыгууга мажбур болушту.

Казакстандын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында жайгашып, күчү 6,7 баллга жеткен. Казакстандын Алмата шаарында жер титирөөнүн күчү 5 баллга жеткени айтылууда. Бишкектин тургундары дагы катуу жер титирөөнү сезишти.

АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында болуп, күчү 7 баллга жеткен.

Кыргызстандын Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөө Кытайдын Кыргызстан менен чектеш аймагында болуп, күчү 7 баллга жетти. Каракол, Нарын шаарлар

— — — — —

23-январда болгон кырсыктан улам Талас облусунда 1992-жылы 19-август күнү болгон жер титирөөнүн күбөлөрү ошол күнү эсте калган жагдайларды айтып беришти. Талас шаарынын 52 жашта тургуну Салтанат Кадырбекова 1992-жылы 19-августта атасын карап ооруканада жүргөн.

«1992-жылдагы жер титирөө бүгүнкү күндөгүдөй көзүмө келе берет. Август айы болчу. Атам ошол убакта катуу ооруп, ооруканада эле. Эртең менен туруп алып, ал кезде унаа деген жокко эсе учур, жөө жөнөдүм. Колума атама деп тамак алып алгам. Бир маалда денем титирегендей болуп, жүрөгүм бат согуп баштады. Асфальт жол суунун толкунундай болуп, булкунуп жатты. Андай учурда өзүңдү жоготуп коёт экенсиң, жолдун жээгине дагы чыкпай, шок абалда тура бериптирмин. Ошол учурда өзүмдү деле ойлогон жокмун. Оюмда ооруканада жаткан атам болду. Ал кезде колдо телефон деген жок. Анан жер титирөө басаңдап калды окшойт, жол ордуна келгендей болду. Бардык күчүм менен ооруканага чуркап барганым эсимде. Ооруканага барсам, дубалдарынан ак таштар түшүп калыптыр.

Баягы жолдун толкун болгону ушунча жүрөгүмдө калып калган экен, бүгүнкү күнгө чейин коркунуч жаратат. 23-январдагы жер титирөө бизге дагы сезилип, асма чырактар титиреди. Ошондо дагы абдан коркуп, катуу болбосо экен деп аябай тилендим», — деди ал.

Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын 84 жаштагы тургуну Шайбүбү Аныракаеванын айтымында, жер титирөө болгон күнү келин алган.

«992-жылы 19-август күнү келин алгам. Балам менен 18-август күнү сүйлөшүп, «келинчегимди эртең шаардан алып келем» дегенине даярдана баштадык. 19-августта таң атпай туруп, эшиктин алдын шыпырып, сүт тартып жаткам. Улуу неберем 1 жаштан өткөн бала эле. Ал уктап жаткан. Саат эртең мененки 9-10 окшойт. Бала жаткан үчүн төшөктөр жыйыла элек болчу. Бир маалда сүт машинам калчылдап баштады. Балам үйдө калып калды деп, үйгө кирип, баланын бутунан тартып, төшөгүнөн сууруп чыккам.

Жер 5 мүнөттөй титиреди. Баланы колума алгандан кийин анан өзүмө келип, эшиктин алдын карадым. Эшиктин алдына толтура кызыл пион өстүрчүмүн. Гүлдөрдүн башын карасам, нары-бери чайкалып, башкача көрүндү. Үйдө бала менен жалгыз болчумун. Эмне кылаарымды билбей коркком. Анан токтоду. Мен жер титиреп жатканда чуркап жүрдүм да. «Негизи жер титиреп жатканда чуркаганда болбойт, чуркаган адам акыл-эсинен айнып калат» деп коюшчу эле. Андан кийин айнып каламбы деп коркуп да жүргөм (күлүп). Бир аз убактан кийин үйгө жолдошум келди, анан үйгө кирдик. Ага чейин бала менен сыртта жүрдүм. Кирсек үйдүн ак сырлары түшүп калыптыр. Кечке маал келин келет деп, үйдү шыпырып, килемдерди кайра салып, кошуналарым жардамга келишкен эле. Ошентип келин келгенден кийин той менен баягы окуя билинбей калды», — деди ал.

  • 1992-жылы 19-августта Токтогул районунда күчү 9,5-10,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, бул апааттан жалпы 41 адам көз жумган. Жер титирөөнүн очогу болгон Толук айылында болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE