Пример HTML-страницы

Тоңдо селдин алдын алуу иштери улантылууда

Акыркы жанылыктар

TurmushТоң районунун Кара-Шаар айылында селден кийинки калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улахол айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ишенбай Жээнтаев билдирди.

Маалыматка караганда, сел коркунучу бар айылдардын аймагына чоң түтүктөр орнотулган. Мындан сырткары мектептин короосу жана айылдын көчөлөрү таштанды агындарынан тазаланды.

6-август күнү саат 14:30 чамасында Тоң районунда катуу жааган жамгырдан улам Кара-Шаар айылында сел жүргөн.

Кокту-колоттон топтолгон суу кыянга айланып, айылдын эки көчөсүн каптаган. Сел суусу кээ бир үйлөрдүн короосуна чейин кирип, мектепти кошо каптаган.

Жергиликтүү тургундар буга чейин бул жерде сел жүрүү коркунучу бар экенин тиешелүү түзүмдөргө айтып, кат жолдонгонун билдиришти. Бирок эч кандай жыйынтык болбой жатканына нааразы болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE