Пример HTML-страницы

Таш-көмүрлүктөр чочулаткан жагдай тууралуу сөз кылышты

Акыркы жанылыктар

TurmushТаш-Көмүр шаарындагы жашоочуларга ичүүчү суу дээрлик тазаланбай, Нарын дарыясынан түз эле суу түтүктөрү аркылуу берилет. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Тургундардын айтымында, ичүүчү суунун тазаланбай берилип жатканы кооптуулук жаратып жатат. Алар таза суу көйгөйүн чечип берүүнү суранышты.

Таш-Көмүр райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Бектур Итибаевдин айтымында, калкка берилген суу химиялык жана микробиологиялык текшерүүдөн өткөрүлүп турат. Былтыркы жылы 295 жолу суунун үлгүсүн алып, анализдин жыйынтыгында 83 үлгү талапка жооп бербегендигин тастыкталган.

«Жылда эпизоотияга каршы комиссияда иүүчү суу маселеси каралып, жогорку тарапка маалыматтар берилет. Чындыгында шаарда таза суу, канализация маселеси өтө оор болуп турат. Шаарда ГЭСтеги бир эле суу тазалоочу кампадан талапка ылайык суу тазаланып берилет. Бирок ошол суу да элге жеткенге чейин кошумча суу түтүктөрүнө кошулуп кетет. Тазаланган суу шаар калкынын 20 миңдейине гана араң жетет. Калган 3 насостук станция аркылуу элге берилген суу эч кандай тазаланбай, Нарын суусу түз эле алынып берилет. Шаарга суу тазалоочу капмалар курулушу керек», — деди ал.

Жыйынга катышкандар тазаланбаган суунун калкка берилүүсү кооптуулук жаратып жатканын белгилешти.

«Нарын суусунун температурасы 10 пайыздан ашпайт. Эгер суу жылуу болуп кетсе, микробдун өсүүсүн шарттоосу мүмкүн. Суудагы температуранын төмөндүгүнөн, суу көлөмүнүн көптүгү элди ар кандай оорудан оолак кылып турат. Бизди бир Кудай сактап жатат. Бул шаардын деңгээлинде чечилбейт. Өкмөттүк деңгээлде каралышы керек», — дешти тургундар.

Жашоочулар ичүүчү суу маселеси чечилбесе, эл ичеги-карын ооруларына, сарыктын А түрүнө кабылып калуу коркунучу жогору экенин айтып, даттанышты. Алардын айтымында, дарыяга саркынды суулар да кошулуп жатат.

Ыйгарымдуу өкүл Таш-Көмүр шаарынын калкын таза суу менен камсыздоо багытында атайын долбоор бар экендигин, 5 миллион евролук долбоор жакында башталарын белгиледи. Калаада суу түтүктөрүн тартуу иштеринин 90 пайызы бүттү.

Ошондой эле жыйында бала бакчанын жетишсиздиги айтылып, Кызыл-Жар 12 аймагында сел коркунучу жаралган сай жээгине сел тосмо коюу зарылдыгы белгиленди.

  • Таш-Көмүр шаарында 40 миңден ашык адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE