Пример HTML-страницы

Таластыктардын WhatsApp тайпасына келген билдирүүдөн кийин 57 жаштагы киши кармалды

Акыркы жанылыктар

Turmush«Хизб ут-Тахрир-аль-ислами» экстремисттик уюмдун китептерин сактаган адам кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас ОИИБдин ЭММКАКнын ыйгарым укуктуу акчам кызматкерлери тарабынан «Талас, «Арашан», гиссар койлору» аттуу WhatsApp тайпасынан 3 барактан турган, арабча жазылган жана PDF форматтагы материал аныкталган. Ошондой эле, аталган тайпага «Камсыздандыруу-капитализм чириндилеринен» деп жазылган.

«Диний экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүктөрүнө таандык материалдар мамлекеттик, улуттук, рассалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу, экстремисттик жана террористтик маалыматтарды камтыгандыгын аныктоо максатында дин таануу экспертиза дайындалган. Анда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир-аль-ислами” уюмуна шилтеме берилип, экстремисттик уюм деп көрсөткөн.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 1966-жылы туулган К.М. аныкталып, анын үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир-аль-ислами” экстремисттик уюмунун чакырыктарына окшошкон материалдар жана уюлдук телефондор табылган.

Ал Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE