Пример HTML-страницы

Таластык Медер Кыязов 8 жылдан бери өрт өчүрүүчү болуп иштейт

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылынын 32 жаштагы тургуну Медер Кыязов 8 жылдан бери өрт өчүрүү кызматында эмгектенет. Turmush басылмасынын кабарчысы өрт өчүрүүчү менен маектешти.

Медер Кыязов жогорку билимдүү. 2009-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине тапшырып, аны 2014-жылы аяктаган. Учурда Манас райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №100 өрткө каршы куткаруу бөлүмүндө иштейт. 2015-жылдан бери өрт өчүрүүчү болуп эмгектенип келе жатат.

«Учурда жубайым экөөбүз 3 баланын ата-энесибиз. Үй-бүлөм өзүм сүйгөн жумушума колдоо көрсөтүп келишет. Алар да жумушубуз кооптуу болгондуктан кабатырланышат. Бирок жумушума каршы болушкан жок. Элге жардам берип жатканыбызга сыймыктанарын айтып келишет.

Жумушумда эсте калган учурду айтып берейин. 2016-жылдары түнкү саат 02:00 чамасында чакыруу түштү. Окуя Манас районунун Май айында болгон эле. Ал жерде чөп өрттөндү деген маалымат келди. Биз жеткенде катуу шамалдын кесепетинен өрт чыккан үйдүн кошунасынын чөбүнө да өрт өтө баштаптыр. Биз ыкчам иш алып барып, биринчи кошунанын күйүп баштаган өртүн өчүрүп, андан соң өрт чыккан жерди өрчүрө калдык. Эгер ал кошунасынын чөбү өрттөнгөнү токтобосо, жанына жакын жайгашкан үйлөргө да өрттүн өтүп кетүү ыктымалы бар эле. Ошондо баары ыраазы болушкан. Үйлөр же болбосо автоунаалар өрттөнгөн учурлар болуп калат. Өрттүн кесепетинен көптөгөн адамдар турак жайсыз, унаасыз жана ошондой эле короосуз калган учурлар көп кездешет. Өрттөн сак болууну эскертет элем», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE