Пример HTML-страницы

Таластык Астаркул Табышов 6 жылдан бери көк бөрү ойноп, ийгиликтерге жетишип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Көк-Кашат айылынын 26 жаштагы тургуну Астаркул Табышов 6 жылдан бери улак чаап, ийгиликтерди багындырып келе жатат. Аймактык кабарчы улакчы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, көк бөрүгө болгон кызыгуусун үй-бүлөсү колдойт.

«Менин ысымымды көптөр кызыгышып кайталап сурашат. Ысымымды чоң апам койгон. Чоң апамдардын убагында Астаркул деген сот болгон экен. Мени дагы ошондой сот болсун деп койгон окшойт го (күлүп). Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз. 4 кыз, 2 бала.

Ал эми улакка болгон кызуугум кичинемден эле бар болчу. Атамдын бир тууган инилери улак чаап жүрүшчү. Негизи улакчы болуш үчүн адамдын өзүнүн дээринде болуш керек деп ойлойм. Ар бир адамдын кызыгуусу болсо оюнду алып кете алат. Мен башында айыл ичиндеги той-топурларда, майрамдарда чаап келдим. Эгер үй-бүлөңдүн колдоосу болсо, шарт түзүп берсе кыйынчылык деле туудурбайт. Үй-бүлөм ар дайым колдоп келет. Айыл ичиндеги, райондор аралык оюндарда өзүмдү жакшы көрсөткөнгө аракет кылдым. Кийин байкоочулар мени байкашып, чоң командага кошкон. Айыл ичинде ойноп жүрүп эле чоң командага мындан 6 жыл мурун кошулуп ойноп баштагам.

Башында 2016-жылы Таластын «Кең Талас» командасында чаптым. 2017-жылы «Мурас» командасында чаптым. 2018-жылы «Бакубат Талас» командасында чаап келдим. «Бакут Таласта» чаап жүрүп командабыз менен Бишкектин 140 жылдыгында ойноп, 1-орунга ээ болдук. Президенттин кубогу да бизге буйруду. Ал эми 2019-жылы Нооруз майрамында «Ынтымак» командасында чаптым. Ал оюндан жеңишке ээ болдук. Ошол эле жылы 9-май, 31-август күндөрү оюндан 2-орунга ээ болдук. Оюндун кыйынчылыктары болбой койбойт. Ошол кыйынчылыктарга багынбай, өзүңдү таштап койбошуң керек.

Мен 2020-жылы бутум сынып, 2 жылга жакын убакыт ойнобой үйдө жатып калдым. Ошол учурда деле оюнду болду таштайм деген ой келген жок. Себеп деген көк бөрүнүн азарты болот. Бир кирип ойноп калгандан кийин ал оюнду таштап, командадан чыгып кетишиң кыйын болот. Канчалык ойнобойм деген күндө да, оюн өзүнө тартып турат. Ден соолугум калыбыма келгенден кийин Таластын командалары толук болгондуктан «Достук» командасына келишимдин негизинде кошулгам. Азыр «Достук» командасында ойнойм. Мурункудай эмес, бирок коркуу сезими болот. Өзүңдү этияттап каласың. Оюнга аралашып кирип кеткенден кийин ал нерселерди унутуп деле коёсуң.

Чаап жүргөн аттарыбыз команданын күлүктөрү. Атайын оюнга даярдап, карап турган саяпкери бар. Биз оюнга 1 ай мурун келип аттарыбызды минип, машыгуу өтөбүз. Өзүбүздү да моралдык, физикалык жактан даярдайбыз. Мен чоң командага кошулуп жатканда өзүмдү көрсөтүп, ийгиликтерди багындырам деп жакшы ниет менен киргем. Мен эле эмес, деги эле баары ошондой ниет менен кирет. Баары эле ойноп, жыйынтык көрсөтөбүз дешет. Антпесе жөн эле ойноп жүрсөк, кызыгуубуз жок болсо командадан четтелип калабыз. Улакчылык деле өзүнчө бир кесиптей. Чаап жүргөн атыңа мээрим бересиң. Өзүңдү толук даярдайсың. Оюн учурунда курсагың ачпы-токпу билинбейт. Болгону оюн деп эле оюнду карап каласың. Кечинде чарчап үйгө келгенден кийин бүгүн кечке ачкаток жүргөнүңдү билесиң. Буйруса ийгиликтерди дагы да багындырабыз. Баары алдыда деген жакшы үмүтүм бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE