Пример HTML-страницы

Таласта жолдошун күтүп жаткан келинге суук кабар угузушкан

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Айтматов районундагы (мурунку Кара-Буура району) тургундун өлүмүнүн чоо-жайы белгилүү болду. Сот отурумунда айыпталуучу, жабырлануучунун өкүлү жана күбөлөр окуя боюнча көрсөтмө беришти.

Айыпталуучу Нурбек (аты өзгөртүлдү, А.у.Н.) 1993-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунда туулган. Орто билимдүү, никеси жок, убактылуу бош, мурда соттолгон эмес.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) 3-бөлүгү (этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирүү) боюнча айып тагылып, баш коргоо чарасы катары эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат түрү тандалып алынган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Нурбек 2021-жылдын 28-сентябрында саат 19:00 чамасында өзүнө тиешелүү болгон «ГАЗ-53» үлгүсүндөгү унаасы менен Аманбаев-Көк-Сай унаа жолу аркылуу чыгыштан башытты көздөй башкарып келе жатып, жолдун 9,5-чакырымында Кара-Буура районунун Шекер айылынын 1983-жылы туулган тургуну Маратты (аты өзгөртүлдү, Б.М.Б.) жолдо жаткан жеринен унаасы менен тебелеп кеткен. Унаасынын оң жактагы жарык берүүчү лампасы жок болгон. Анын кесепетинен Марат окуя болгон жерде көз жумган.

  • Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучуга өлүмгө алып келген оор залал келтирилгендиги аныкталган.

Айыпталуучу Кара-Буура райондук сотунун 2022-жылдын 26-октябрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 2 жылга транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу менен 6 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Соттун өкүмү менен макул болбой айыпталуучу жана анын жактоочулары апелляциялык даттануу келтирген. Анда Нурбектин кылмыш иши тергөөдө толук изилденбей, окуя болгон күнү маркум топ адамдар менен болгонун, оперативдик иш ар тараптуу жүргүзүлбөй, маркумдун кандай жагдайда каза болгону аныкталбагандыгы, окуя болгон жерден автоунаанын сыныктары табылбаганын, маркумдун курткасындагы эки уюлдук телефон жана көз айнек бүтүн бойдон табылганын, эгерде унаа чындап эле аны тебелеп кетсе, аталган боюмдар сынып калмактыгын, прокуратура айыптоо актысын бекитип, соттун кароосуна шашылыш түрдө бергенин, Кара-Буура райондук соту күбөлөрдүн көрсөтмөсүн көңүл бурбай, тергөө учурунда божомол менен далилдерди чогултуп түзүлгөн айыптоо актысы менен мыйзамсыз, адилетсиз, божомол өкүм кабыл алгандыгы айтылган. Алар кылмыш ишиндеги материалдарды изилдеп, Кара-Буура райондук сотунун 2022-жылдын 26-октябрындагы өкүмүн жокко чыгарып, Нурбекке карата актоо өкүмүн чыгарып, кылмышө иштин бетин ачуу үчүн кайра прокуратурага жөнөтүүнү суранышкан.

Апелляциялык даттанууга карата жабырлануучу тараптын жактоочусу каршы пикир келтирген. Анда иш боюнча соттук териштирүү бир жылга жакын болуп, күбөлөр жана кошумча күбөлөр суралып, иш ар тараптуу жана объективдүү каралгандыктан апелляциялык даттанууну канааттандыруусуз, ал эми Кара-Буура райондук сотунун 2022-жылдын 26-ноябрындагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну суранган.

Соттук отурумда айыпталуучу Нурбек апелляциялык даттануусун толугу менен колдоду. Анын айтымында, 2021-жылдын 28-сентябрында саат 22:00 чамасында белгисиз номур менен телефон чалган адам кайсы жакта экенин сурап, жолугушууну сунуштаган. Ал төө бурчак түшүрүп жатканын айткан. Ал жерге эки бала «Нива» унаасы менен келип, Шекер айылынан чыга бериш жерде жол кырсыгы болуп, Маратты унаа сүзүп кеткенин айтышкан. Ал Маратты тааный турганын айтканда «сиз шектүү катары биз менен жүрүңүз» деп алып кетишкен. Ооруканага алып келип, спирт ичимдигин ичип же ичпегенин текшеришкен. Тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берип, сурак протоколун толук окубай, кол коюп берген.

2022-жылдын 28-сентябрында саат 19:00 чамасында жолдон келе жатса, бир автоунаа жарыгын жандырып өчүргөн. Эмнеге болду экен деп, автоунаасынын жарыгы алыска жарык берген абалга туруп калганбы деген ой менен текшерип, өтүп кеткен. Өзүнүн унаасынын жарыгы жакынга жарык берген абалда жанып келе жаткан. 2 жылдан ашык убакыттан бери унаасынын алдынкы оң жарыгы иштебей жүргөн. Окуя болгон жерди билет, жол таза болгон жана ал жерде эч кимди көргөн эмес. Ал жердеги жол жамачы, начар жол болгондуктан бош келе жаткан унаасынын чиркегичи калдырап өтүп жүргөн.

Ал күнөөсүн мойнуна албай, күнөөсү жок экенин айтып, Кара-Буура райондук сотунун 2022-жылдын 26-октябрындагы өкүмүн жокко чыгарып, актоо өкүмүн кабыл алууну суранды.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү — маркумдун апасынын айтымында, уулу тегирменде иштеп, аракты кээде эле иччү. 2021-жылдын 28-сентябрында уулу ветеринардык дарыгерге кеткен. Үйүндө эс алып отурса көп адамдар келип, уулунан ажырап калганын айтышкан. Ошол убакта өзүн жоготуп койгон. Андан кийин уулун алып кетүү үчүн ооруканага барышканда экспертизадан өткөрүү керектигин айтышкан. Окуядан кийин айыпталуучунун туугандары 1 кап ун, 10 литр май алып келишкен. Аны албай, кайра берип жиберген. Ал эми айыпталуучу кечирим сурап келген эмес. Ал Кара-Буура райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну суранды.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү — жубайынын айтымында, окуя болгон күнү баласын мектепке алып барган. Андан кийин медпунктка, үйүнө барган. Жолдошу саат 11:05те ветеринардык дарыгерге кеткен. Ал жолдошу менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө классташы кыздуу болгонун куттуктап, спирт ичимдигин ичип отурушканын, 15 мүнөттөн кийин бара турганын, андан кийин балдары менен апасынын үйүнө бар турганын айткан. Бирок көп убакыт өтпөй жолдошунун телефонуна чалса, алган эмес. Күбөлөр жолдошу анча мас эмес болгонун, өзү басып жүргөнүн айтышкан. Жолдошу каза болгон жерден үйүнө чейин 5 мүнөттүк жол. Ал Кара-Буура райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну суранды.

Соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу иштин материалдары менен айыпталуучунун күнөөсү далилденгенин, мындан тышкары күбө маркум жолдо жатканын көрүп, карама-каршы жолдо келе жаткан «ГАЗ-53» унаасын токтотуу аракетин көргөнүнө карабай, маркумду тебелеп кеткенин көргөнүн айтканын, ал эми айыпталуучу тергөөдө биринчи берген көрсөтмөсүндө күнөөсүн алганын, акыркы аракеттерин өзүн актоого аракет жасоо деп эсептерин, апелляциялык даттанууну канааттандыруусуз, ал эми Кара-Буура райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну суранды.

Сот отурумуна чакырылган күбөнүн айтымында, 2021-жылдын 28-сентябрында унаа менен келе жатып Марат байкеси жолдо көмкөрөсүнөн жатканын көрүп, досуна «унааны токтотуп кой, бул менин кошунам болот» деп айткан. Унааны токтотуп жатканда жеңил унаа озуп өтүп кеткен. Алдыда «ГАЗ-53» унаасы келе жатканын көрүп, ал Маратты тепселеп кетпесин деп, унаанын жарыгын жандырып, кайра өчүрүү керектигин айткан. Жүк ташыган унаа өтүп кийин барса, жер кан болуп Марат көмкөрөсүнөн жатканын көргөн. Досуна «жүк ташыган унаанын артынан куубай эле кой, айдоочу айылында жашайт» деп айткан. Окуя болгон учурда караңгы болуп калган. Маркумдун инисине телефон чалып, окуя тууралуу айтып берип, экөө Маратты ооруканага алып барышкан.

Сот отурумуна чакырылган дагы бир күбөнүн көрсөтмөсү боюнча, ал күнү маркум жана башка адамдар менен бирге спирт ичимдигин ичишкен. Алардын ортосунда пикир келишпестик болгон эмес. Андан кийин тарап кетишкен.

Сот отурумунда башка күбөлөр да көрсөтмө беришти.

Талас облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 10-февралындагы өкүмү менен Кара-Буура райондук сотунун өкүмү өзгөртүлдү.

Нурбек Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 297-беренеси (жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) менен күнөлүү деп табылып, ал боюнча эки жылдык мөөнөткө автотранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу менен 4 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 83-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде 3 жылга пробациялык көзөмөл колдонуу аркылуу жаза өтөөдөн бошотулду.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE