Пример HTML-страницы

Таласта Чүйдөн алынып келинген жүгөрү жергиликтүү жүгөрүдөн 10 сомго арзан сатылууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүйдөн келген жүгөрү Таластыкынан 10 сомго арзан сатылууда. Аймактык кабарчы жем базардагы сатуучулардан анын себебин сураштырды.

«Учурда Таластын жүгөрүсүнүн 1 кг 30 сомдон сатылып жатат. Ал эми Чүйдөн келген жүгөрүнүн 1 кг 20 сом. Экөөнүн айырмасы Таластын жүгөрүсү баардык азыкка жарайт, аны майдалап дан азыктарга колдоно берилет. Ал эми, Чүйдөн келген жүгөрү малдын тоютуна гана жарайт. Ошол себептен 10 сом айрыма бар.

Буудай тоюттун 1 кг 20-21 сом. Былтыр ушул маалда 17-18 сом болгон. Үрөнгө деген буудайдын 1 кг 40 сом болуп жатат. Арпанын 1 кг 19 сом, былтыр арпа 15 сомдон болгон», — деди сатуучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE