Пример HTML-страницы

Талас шаарында жолго орнотулган жасалма тосмо уурдалган эмес

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарынын Огомбаев көчөсүндө унаалар жүрүүчү жолго орнотулган жасалма тосмо уурдалып кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Талас ШИИБ аталган факт боюнча териштирүү иштерин жүргүзүштү. Текшерүү учурунда Талас шаардык муниципалдык чарба кызматы тарабынан жасалма тосмо уурдалды деген билдирүү же кайрылуу болгон эместиги такталды. Тескерисинче муниципалдык чарба кызматы ал тосмо жарактан чыгып калгандыктан аны чыгарып, ордуна жаңысын орнотушкан.

Буга чейин мэриядан Талас шаарында жолдогу унаалардын ылдамдыгын азайтууга коюлган тосмолорду уурдагандар пайда болгонун кабарлашкан.

«Окуя А.Огомбаев менен Тельман көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 3 жумадан бери милиция издеп, ууруларды таба албады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында бүгүн шаардык бюджеттин эсебинен кайра тосмо коюлду», — деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE