Пример HTML-страницы

Түптө үйүн жылытууга аракет кылган тургун күтүүсүз жерден кырсыкка кабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районунун Чоң-Таш айылындагы Иманалы көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, тилсиз жоодон келтирилген чыгымдар аныкталууда. Бул тууралуу маалыматты райондук өзгөчө кырдаал бөлүмчөсү тастыктады.

Өрт кырсыгы 14-январда кечки саат 19:11 чамасында чыккан.

«Чоң-Таш айылындагы турак үйдөн өрт кырсыгы катталды. Өрт өчүрүүгө бөлүмчөдөн эки унаа чыгып, 20:54 чамасында курчоого алынган. Ошону менен тилсиз жоо 22:29да толугу менен өчүрүлдү. Турак жайдын 80 метр кв чатыры күйгөн. Жабырлануучулар катталган жок», — деп айтылат маалыматта.

Кырсыктын себептери болжолдуу түрдө аныкталды.

«Кырсык от жагуу тутумунан келип чыккан. Суук күндө турак жайдын жашоочулары үйү жылыбай, көмүрдү өлчөмүнөн ашыкча жагышкан. Мындан улам түтүн чыгуучу мор ысып, чатырдагы жыгачка өрт тутанган. Мындай кырсыкты алдын алуу үчүн жергиликтүү тургундарды электр жарыгын кароосуз калтырбай, от жагып жылытуу системасын этият колдонууга чакырабыз», — дешет райондук бөлүмчөдөн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE