Пример HTML-страницы

Түп районунун аймагында көп жылдык чөптү чабуу иштери жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунун аймагында көп жылдык чөптү чабуу иштери башталды. Бул тууралуу Түп райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бекбосун Абдылдабеков билдирди.

«Түп районунда көп жылдык чөп ээлеген аянт 18 миң 439 гектарды түзөт. Жаандын арбын болушуна карата беделердин асты жатып калган. Былтыр кургакчылыктан улам тоют аз алынган. Беденин биринчи чабыгы массалык түрдө чабыла баштады. Жатып калган беде аянттарын сенаж кылууну Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Балбай жана Күрмөнтү айылдарынын фермерлери биринчилерден болуп башташты. Алардын айтуусу боюнча, түшүмдүүлүк жакшы. Биздин негизги максатыбыз — биринчи чабыктан сапаттуу тоют топтоп алуу», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE