Пример HTML-страницы

Сузактагы айылдын тургундары үлүш жерлеринен топурак казууга каршылык билдирип чыгышты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 6-июль күнү Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Азия айылынын тургундары айыл четиндеги адырдан топурак казылуусуна каршы болуп топтолушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, алар топурак ташууда талаптар сакталбай турганын айтып, айылды чаң каптап жатканын айтып, топурак ташып жаткан «КАМАЗдардын» жолун тосуп, топурак карьердин ишин токтотууну талап кылышты. Жай тургундардын талабына ылайык андагы карьер бүгүнтөн ишин убактылуу токтотушту. Элеттиктердин үнүн айыл өкмөт башчы жана иш жүргүзүп жаткан ишкер да укту.

Нааразы болуп чогулгандардын катарында М.Ахмедов да бар. Ал өз сөзүндө айыл четинен казылып унааларга жүктөлгөн топурактын үстү жабылбай көчө чаңга толуп жатканын айтты.

«Айылдыктар чаңдан тажашты. Экинчиден элдин үлүш жерлери карьерге айланган. Бул жай токтотулушу керек. Эл топурак казгандарга нааразы», — деди ал.

Элеттиктер топурак казылып жаткан жерлер элдин үлүш жерлери экенин айтышууда. Жер топураган алуу үчүн үлүш жерлерин казууга макулдук берип кол койгондор өздөрүнүн ар кандай жүйөөлү себептерин айтышты.

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Майсалбек Омурзаков эл нааразы болуп жаткан бул жайды убактылуу токтотуп туруу чечимин чыгарды.

«2017-жылы жеке ишкер Бактияр Шерматовго 5 гектар 20 сотых жерди топурак алуу үчүн иштетүүгө жергиликтүүлөр өздөрү макулдук бергени боюнча маалымат бар. Эгер элдин жерин өткөргөн болсо анда документтерин өзгөртүп, жердин категориясы да өзгөртүлүп, лицензия алынып, пайдаланууга берилүүсү керектиги айтылган. Бирок ал жумуштар толук аткарылган эмес. Министрликтен карьер катары лицензия алынган. Жергиликтүү эл болсо «Үлүшкө алган жерлерибиздин документтерин толук өткөрүп берген эмеспиз. Айылдыктарга берген убадаларын аткарган жок» деп бизге да кайрылып жатышат. Жеке ишкерге айттым, ал документтери толук экендигин айтып жатат. Өз ыктыяры менен жерин топурак казууга үлүш жерлерин берген жарандардын документтери боюнча иштерди бүткөрүп, айыл өкмөт менен келишим түзүп мыйзам чегинде иш алып барса каршылык деле жок. Ирети менен топурак ала турганын убада кылган. Андан башка да элге былтыр берген убадалардын өтөлүнө чыкса калк деле каршы болбойт го деп ойлойм», — деди ал.

Маалым болгондой, жеке ишкер топурак казууга 2017-жылы лицензия алган. Жеке ишкердин уулу Арген Шерматов баары мыйзам чегинде экенин айтты.

«Бул жерден топуракты алгач эл өздөрү каалагандай алып иштетишчү. Каалаганы каалаган жерден казып жүрүшчү экен. Биз бул жерге лицензия алып, үлүш ээлеринин макулдугу менен жумуш башталган. 2036-жылга чейин лицензиябыз бар. Кайра калыбына келтирүү ишин жүргүзүп болгон соң үлш ээлерине жер кайра берилет», -деди ал.

Орто-Азия айылындагы топурак карьеринен алынган топурак райондун төмөнкү зонасын жана Жалал-Абад шаарына сатылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE