Пример HTML-страницы

Сокулукта «КАМАЗ» мотоциклчен адамды сүздү. Анын абалы кандай?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында «КАМАЗ» жүк ташуучу унаасы мотоциклчен кишини сүздү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Сокулук райондук ооруканасынан кабарлашкандай, кырсык саат 10:20да Фрунзе менен Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

«42 жаштагы мотоцикл айдаган А.Б Сокулуктун ооруканасына алынып келген. Ага сыныктар бөлүмүнүн кызматкерлери жардам берип, андан соң Беловодск айылындагы ооруканага жиберилди. Себеби биздин сыныктар бөлүмүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат», — дешти Сокулуктун медиктери.

Жабырлануучу баш сөөгүнөн, баш мээсинен, бутунан жаракат алган. Оң далынын сөөгү чыгып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE