Пример HTML-страницы

Роза Отунбаеванын энеси жолук салган Сманкуловага көп берилүүчү суроо

Акыркы жанылыктар

Turmush«Өзгөчө ысым» рубрикабыздын бүгүнкү каарманы — Кочкор районунун тургуну Стахан Сманкулова. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Атам Ысмайыл совет өкмөтүнүн алгачкы жылдарында колхоздо башкарма болуптур. 1935-жылы Ташкенте партиялык жогорку окуу жайга окууга кеткенде, апамдын боюнда бар экен. Ал жакта окуп жатканда, туугандарына “Эгер эркек балалуу болуп калсам, атын Стахан койгула. Кыз болсо өзүңөр билип койгула” деп кат жазыптыр. Себеби, ошол 1935-жылы донбасстык шахтёр Алексей Стаханов өкмөттүн планын ашыгы менен аткарып, союзга атагы чыгып турган. Ал бир жарым сменада 7 тоннанын ордуна 102 тонна көмүр казып, эң чоң көрсөткүчкө жетишкен экен. 102 тонна ошол кездеги 14 нормага барабар эле. Эмгекте ийгиликке жетишкендердин арасында “Стахановчулар кыймылы” деген ураан жүрүп, жумушчу аялдардын бүткүл союздук биринчи кеңешмеси өтүп жаткан кез экен. Атам баласы ошол Стаханов сыяктуу белгилүү адам болсун деп, ошол кыймылдын урматына койгусу келсе керек. Апам эркек төрөбөй кыз төрөп, туугандарыбыз: “Молдокулдун айтканын орундаталы. Кыз болсо деле мейли” деп, азан чакырып, атымды Стахан деп коюшат.

Ушул убакка чейин кээ бирөө: “Атыңызды эмнеге Стакан деп коюшкан?” деп ичимдик ичкен стакан менен алмаштырып сурай беришет. Аларга акырын түшүндүрүп коем. Эки жакка, айылга барганда көп сурашат. Кээ бир түшүнө бербегендерге унчукпай кутулам.

Ата-бабабыз илгертен эле Сөөктүн жайлоосунда жайлап келиптир. Атам Ысмайыл Молдокулов Кызыл-Дөбө айылында алгачкы башкарма болуп, билимин жогорулатуу үчүн Сакуга партиялык окуу жайга окууга кеткен. Ал жактан түштүк тарапта уюштуруу иштери менен алектенип жүргөн экен.

Улуу кызы — Шамшия эжем азыр 108 жашка чыкты. Ак-Учук айылында жашайт. Экинчи кызы менмин. Быйыл 88 жашка келдим. Мен төрөлгөндөн кийин атам ошол жакта өлүү-тирүүсү билинбей дайынсыз болуп калат. Киши колдуу болгон окшойт. Сөөгү да табылбай калыптыр», — деди ал.

Биздин каарман Сманкулова Стахан Ысмаиловна 1936-жылы 1-майда Кочкор районуна караштуу Кызыл-Дөбө айылында туулган. Атасы Ысмайыл кайтыш болгондо энеси бешиктеги Стахан жана Ысмайыл Молдокуловдун эки карындашы — Шааржан, Шааркүл менен калган. Ысмайыл өлгөндө Шааржан күйөөсү Сманкул экөө келип: «Эми сен жашсың, турмушка чыгып төрөйсүң. Балдарды бизге бер» деп Стаханды бешикте кезинде багып алат. Улуу эжеси Шамсияны дагы эжеси менен жездеси багып алат. Стахандын апасы жаш болгондуктан Ак-Учукта Чекир деген тегирменчиге турмушка чыгып, Сүйүмкан, Жээренде деген эки кыздуу болот.

Ошентип Стахан Талаа-Булактагы Сманкул деген жездесинин колунда чоңоет. Стамкулдун Роман деген орус досу, Жандос деген казак досу болуптур. Балалуу болгондо досторунун атынан бир баласын Раман, экинчисин Жандос деп ат коюптур. Стахан ошолор менен кошо чоңоюп, мектепке окууга киргенде жездесинин наамына Сманкулова деп катталып калган. 7-класска чейин Сманкулдун колунда тарбияланат. Жетим болуп, сайма сайып, түнкүсүн ат менен жылкы кайтарып, турмушка эрте бышат. 8-класска келгенде Раман: «Эми сен чоңойдуң» деп Чолпон айылында ачылган интернатка алып барып таштайт. Стахан ыйлап, буркурап боздосо да болбойт. Ошентип Стахан бир жума ыйлап, качып кете албай, интернатта кала берет.

Интернатта окуп жүргөн кезде Нарын шаарында өткөн спартакиадага велосипед тебүү боюнча барат. Ал кезде кыргыз кыздар велосипед тепчү эмес экен. Жалаң орус кыздар менен жарышып, 1-орунга ээ болот.

Стахан энесинин бир тууган иниси Качкын Байтылешовдун үйүндө сайма сайып, саймадан түшкөн каражатка интернаттагы курбу кыздарына нан, сүр эт алып барып, күн көрүп жүрүшөт.

Ошол кезде Ишен Беккожоев деген жигит Нарын шаарында облстатта экономист болуп иштеп жүрөт. Ага чейин ал Сайна Каныметова деген кыз менен сүйлөшүп жүргөн экен. Аны Туз айылынан Болот Жусупбеков ала качып кетип, айласы жок Нарын шаарына барып, ишин улантып жүрөт. Ишендин туугандары: «Каниметтин кызын туздук Болот Жусупбеков ала качып алыптыр. Эми эмне кылабыз?» деп кеңеш курушат.

Качкын Байтылешов Ишендин энесинин бир тууган иниси, жубайы Жамила таежеси болгон экен. «Кой, Качкындын үйүндөгү кызды алып берели!» деп 10-класста окуп жаткан Стаханды «Чолпон» совхозунан алып, «ГАЗ-АА» деген унаанын портуна салып, Нарынга алып барышат. «Бул кызга үйлөн» деп, Ишенди үйлөндүрүп коюшат.

Кызды Нарындагы облустук прокурор Таласбаев дегендин үйүнө киргизишет. Себеби, Таласбаев менен Качкын Байтылешов бажа болушкан. Таласбаев менен бир короодо кошуна жашаган Исак Отунбаев облустун соту экен. Ишендин апасы айылда калгандыктан жоолук салууга туугандары жок, Исак Отунбаеванын аялы —Роза Отунбаеванын энеси Салийка Даныярова жаңы келген Стаханга жоолук салат.

Ошентип бир-эки ай Таласбаев менен бир короодо жашап калышат. Нарында 10 жыл жашап, эки кыздуу болушат. Бирок, аларга көз тийип чарчап калышат.

Жолдошу облстатта экономист болуп, Стахан 10-класстык билим менен кинофикацияда билет сатып иштейт. Кийин дүкөндө оюнчук сатып, дүкөнчү болуп эмгектенет. 1955-жылдан баштап тигүү фабрикасында тигүүчү болуп иштейт.

1965-жылы Ишен Беккожоев атасы кароосуз калгандыктан, ага каралашуу үчүн көчүп барат. Атасы Беккожо Келдибек уулу «Чолпон» совхозунун Тармал-Саз деген айылында эки бөлмөлүү полу жок кепе тамда чырак менен жарык кылып жашачу экен. Атасына каралашуу үчүн Кочкор районунун статбөлүмүнүн башчысы Бугубаев деген адам менен орун алмашып, Кочкордун статбөлүмүнө башчы болуп келет.

Стахан Сманкулова 1965-жылы Кочкордогу тиричилик комбинатында цех башчысы болуп иштейт. 60 тигүүчү аялды жетектеп жүрүп, 1990-жылы ардактуу эс алууга чыгат.

Улуу уулу Мухамбет 1959-жылы туулган. Музыка мугалими, Кочкор кыштагында жашайт. Экинчи уулу Абдулмухамбетаалы 1962-жылы туулган (каза болгон). Кызы Шайыркүл 1966-жылы, үчүнчү уулу Куштар 1977-жылы туулган. Бишкек шаарында Стахан менен бирге турат. Кенже кызы Кумар 1974-жылы туулган.

Стахан Сманкулова «СССРдин эмгек каарманы», «Кыргыз ССРинин эмгек ардагери» медалдары, «Социалиссттик эмгектин отличниги» төш белгиси, Кыргыз ССРинин өкмөтүнүн ардак грамотасы жана жергиликтүү бийлик бутактарынын бир нече грамоталары менен сыйланган.

Облусттук фестивалдарда тиешелүү дипломдорго ээ болуп, ырлары альманахтарда, райондук, облустук гезиттерде жарыяланган. Анын балдар үчүн жазган ырлары жана жомоктору 2021-жылы «Таягы бар автобус» деген ат менен китепче болуп чыгарылган. Учурда чыгармачылык менен алектенип, азыр да ырларды жазат.

Аппак кар

Апакай кар, күмүш кар,

Жаай бергин себелеп.

Кар чачышып ойнойбуз,

Чана тээп чирээлеп.

Бир заматта жер бети,

Ак элечек оронду.

Күн жаркырап тийгенде,

Изи калбай жоголду.

Биз күткөнбүз ак кардын,

Көп күн түнөп жатканын.

Тургузмакпыс ак кардан,

Аяз ата турпатын.

Эх аппак кар, аппак кар,

Эрип кеттиң мынча бат.

Көз жазгырбай эмкиде,

Жаасаң экен калыңдап!

Таягы бар автобус

Кичинекей Акылбек,

Шаарга келип кубанды.

Жетелесең көрбөймүн,

Көтөрчү деп суранды.

Бар экен го атаке,

Таягы бар автобус.

Жүрбөйт биздин айылда,

Неге мындай автобус?

Кыйма-ийме жолдордо,

Жол талашпайт экен го.

Кош таякка сүйөнүп,

Көп тыныгат экен го.

Акылбекке чоң шаардан,

Жакты ушул билгени:

Автобус эмес көргөнү,

Треллейбус экени.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE