Пример HTML-страницы

Президенттин айылына келин болгон Айперинин окуясы

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — 28 жашында 5 уулга эне болгон Айпери Ракышева. Ал Түп районунун Кең-Суу айылынын тургуну Кубан Акимовго турмушка чыккан. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Айпери Ракышева Кичи-Өрүктү айылында жарык дүйнөгө келген. Мектептен билим алган соң, Каракол шаарындагы педогогикалык окуу жайды ийгиликтүү аяктаган. Ал болочоктогу жолдошу менен тойдон таанышып, жылдызы келишип калганын жашырбайт.

«Мен педогикалык колледжде 2-курста окуп жүргөндө, тайпамдагы кыз турмуш жолуна узап калды. Ага курбу болуп тойго барсам, жолдошум да күйөө жолдош болуп келиптир. Анан экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, бири-биризди жактырып калдык. Кыз жигит катары 3-4 айдай сүйлөшүп, 2014-жылы баш коштук. Өмүрлүк жарымдын чечкиндүүлүгү жана тамашакөйлүгү менин жүрөгүмдү багындыра алды», — деди ал.

Удаа эркек балалуу болгон жубайлар төртүнчү кош бойлуулукта кыздуу болууну каалашкан.

«Тун балабыз уул болуп, экинчи кош бойлуулукта текшерилгенде да уул экенин айтышты. Бирок ошого карабастан өзүм кызды эңсеп туруп алдым. Ошентип, уулумду жарык дүйнөгө алып келдим. Быйыл экинчи балам мектепке чейинки даярдоо классына бара баштады. Анан үчүнчү кош бойлуулукта да уул төрөдүм. Төртүнчү кош бойлуулукта УЗИге түшсөм, 6 жума болгонун жана эгиздер экенин айтышты. Ошондо абдан шок болдум, бул жаңылык мен үчүн күтүүсүз болду. Анан 20 жумалык кезде кайрадан текшерүүгө барсам, дагы уул дешти. Эч нерсе дебестен үйгө барып, жолдошума «дагы эркек экен» деп ыйлап жибердим. Анткени «2 кыз болсо экен» деп тилеп жаттым эле. Жолдошум сооротуп, «ымыркайлардын дени сак төрөлсүн, өмүрүн берсин» деп, менин аман-эсен көз жарышымды тиледи. Анан да «азыр жашпыз, 40 жашка чыкканча дагы 5 кыздуу болобуз» деп тамашалап, менин көңүлүмдү көтөрдү. Ошентип, эгиздерди аман-эсен жарыкка алып келип, бошонуп алдым», — деди ал.

Президенттин ысымы ыйгарылган эгиздер бири-бирине окшош жана башкалар айырмалай албастыгын апасы кошумчалады.

«Эгиздер төрөлгөндө, кайнатам: «ысымдарын Садыр жана Сабыр коёбуз» деп чечим кабыл алды. Алардын Садыр Жапаровдой элдик уул болуп, Садыр акедей зирек, тубаса зээндүү, кыраакы, камбыл, калыс адамдардан болсун деп ырымдап койдук.

Алгач бири-бирине абдан окшош болгондуктан кантип айырмалайбыз деп ойлонуп жүрдүк. Кийинчерээк биринин чекесинде билинер, экинчисинде билинбес калынан таанып калдык. Экөөнүн окшош жактары көп, мисалы бири ооруса, экинчиси да ооруйт, бири ыйласа, экинчиси да ыйлайт. Айтор абдан сезимтал болушат экен. Эмнеси болсо да уулдарым менен сыймыктанам, алардын өмүрүн, кең келечегин Кудайдан күнү-түнү тилейм», — деп сөзүн жыйынтыктады Айпери Ракышева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE