Пример HTML-страницы

Поезддин алдында калып, колу-бутунан айрылган Эрмекке айылдаштары акча топтоп үй алып беришти (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Көк-Кашат айылынын 26 жаштагы тургуну Бактияр уулу Эрмек менен жубайы Шамуратова Жайнагүлгө айылдаштары үй алып беришти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, Эрмек мырза үй алып берүүгө салымын кошкон тууган-уругуна, айылдаштарына ыраазычылык билдирди.

«Биз үйлөнгөндөн бери эле агам менен чогуу жашайбыз. Анан туугандарыбыз чогулуп, жубайым экөөбүзгө үй алып беришти. Ичине кирип, кубанып турган чагыбыз. Үй 1 млн 300 миң сомго алынды. Айылдашыбыз эле сатып, көчүп жаткан экен. Эски там, жанында жаңы салынып жаткан үйдүн дубалы туруп калган экен. Бардык туугандарыма, бир тууганыма, айылдаштарыма ыраазычылык билдирем», — деди ал.

— — — — —

Эрмек буга чейин Turmush басылмасына поезддин алдында калып, колу-бутунан айрылып калганын, бирок карабай, үй-бүлө күтүп, жашоосуна улантып жатканын айтып берген. Ал окууну аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырган.

«Ал жакта 2-курста окуп жаткан кезимде, кырсыктап оң колум менен оң бутумдан айрылып калдым. Ал окуя мага бүгүнкү күнгө чейин бүдөмүк жаратат. Анткени эмне болгонун билбейм. Кечинде кетип бара жатканда кулагым жаңырып эле, кулаганымды билем. Поезд тебелеп кеткенден кийин, машинист көрүп, тез жардам чакырган экен. Ал жакта реанимацияда ойгонгонумду гана билем. Уктап турсам эле, колу-бутум жок абалда болгом. Бул сезимди эч кимге каалабайм. Ата-энемдин, бир тууган агамдын колдоосу менен гана кайрадан жашоого келгем. Айылда дагы тууган уругум, чоң дем берип, бардык иште колдоп жатышты. Адам болгондон кийин тирүү калганыма дагы аябай шүгүр кылдым. Кайрадан ушул абалда жашоомду улантууну үйрөндүм.

Андан кийин дагы жашоомдо азаптуу күндөр өттү. 2020-жылы пандемия учурунда ата-энемден айрылдым. Экөө жарым жыл аралыгында акка моюн сунду. Агам экөөбүз бири-бирибизге жөлөк болуп кала бердик. Акем менен жеңем ата-энемдин ордун басып калышты. Мен жыл сайын Бишкектен дарылануудан өтүп келем. Ошондой дарылануу учурунда болочоктогу жубайым Жайнагүл Шамуратова менен таанышып калганбыз. Ысык-Көлдөн болот. Учурда 1 уулдун ата-энеси болдук. Уулубуздун аты Эрулан», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE