Пример HTML-страницы

Панфилов районунда А.Осмоновдун «Саанчы жеңе» чыгармасы сахналаштырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 21-мартта Чүй облусунун Панфилов районунда Нооруз майрамы жана А.Осмоновдун туулган күнү белгиленди. Анда акындын эстелигине гүлчамбар коюлуп, иш-чарада акындын «Саанчы жеңе» чыгармасы сахналаштырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара Каптал-Арык айылындагы А. Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплексинин аянтында өттү.

Салтанаттын жүрүшүндө райондун акими Бекмаат Масаидов жана айыл аксакалдарды куттуктоо сөз сүйлөштү. Майрам катышуучуларына маданият кызматкерлери, шайып апалар өнөрлөрүн тартуулашып, балдарга түрдүү оюн- зоок уюштурулду. Ошондой эле шайыр апалар А.Осмоновдун «Саанчы жеңе» чыгармасын сахналаштырышты.

Бул майрамды Каптал-Арык айылындагы 1978-жылы туулган жарандар уюштурушуп, эстафетаны 1979-жылы туулган атуулдарга ыйгарышты.

Ошондой Кайыңды шаарында жана айыл аймактарда Нооруз майрамы белгиленип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE