Пример HTML-страницы

ОшТУда кыргыз тили даңазаланган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата жарыяланган «Мамлекеттик тилдин коомдогу орду» аталышында кыргыз тилин даңазалаган видеоролик сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

Окуу жайдын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, иш-чаранын негизги максаты мамлекеттик тилди даңазалоого, кыргыз тилинде сүйлөөгө, эне тилди кадырлоого, улуттук тил катары баалоого жана мамлекеттик тилдин маани-маңызын түшүнүүгө чакыруу болуп саналат.

Сынакка окуу жайдагы бардык факультеттердин, гуманитардык-технологиялык колледждин жана Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун студенттери катышып, сынактын шарттарынын негизинде өздөрүнүн чыгармачылыктары менен даярдаган видероликтерин көрсөтүштү. Университеттин мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор Ашым Зулпуев иш-чаранын жүрүшү жаштарга эне тилди баалоого эң жакшы түрткү болорун белгиледи.

Жыйынтык:

— 1-орун — экономика жина башкаруу факультетинин ФК-1-19 тайпасынын студенти Курванбеков Толкун;

— 2-орун — бухгалтердик эсеп жана аудит 1-20 тайпасынын студенттери;

— 3-орун — гуманитардык-технологиялык колледжинин ПКС:-1-22 тайпасынын студенттери —Камалова Жаркынай, Султанова Перизат, Ысманова Нуриза жана Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун ЭБ-20 тайпасынын студенти Төлөнбаева Айназик.

Кызыктыруучу сыйлыктарга архитектура жана курулуш факультетинин жаштар командасы, табигый-техникалык факультетинин жаштар командасы жана гуманитардык-технологиялык колледжинин ЗЧС-1-20 тайпасынын студенти Микенов Канимет ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE