Пример HTML-страницы

ОшТУда бокс боюнча эл аралык мелдеште күмүш байге уткан студентти куттукташты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында өткөн бокс боюнча жаштар арасындагы IX эл аралык турнирде күмүш байге уткан Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин студенти Бектемир Садырбековду ректор кабыл алды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев спортто ийгилик жараткан студентти жеке өзүнүн жана жалпы жамааттын атынан куттуктап, окууларына жана спорттук карьерасына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле жаш спортчуга дүйнөлүк деңгээлдеги спорт адамы болушуна тилектештигин билдирип, окуу жай тарабынан ар дайым колдоо болорун билдирди.

Бектемир Садырбеков 75 килограмм салмак ченинде күч сынашып, жыйынтыгында экинчи орунга ээ болгон.

Спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Кочкорбек Алимжановдун жаркын элесине арналып уюштурулган. Мелдешке Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен келген командалар, спорт чеберлери жана Кыргызстандын аймактарынан келген жалпысынан 100дөн ашуун спортчулар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE