Пример HTML-страницы

Оштогу тургундар «Эмаком» курган 12 кабаттуу үйдү буздуруу боюнча соттун 2 инстанциясы чечим чыгарганын айтты (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 10-ноябрда АКИпресс-Ошто Ош шаарынын А.Маматсаков көчөсү, №226 дарегинде жайгашкан 120 батирлүү көп кабаттуу үйдүн жашоочулары маалымат жыйын өткөрүштү. Алар өздөрү жашап жаткан үй боюнча Ош шаардык жана Ош облустук соту тарабанын бузулсун деген чечим чыкканын билдиришти.

Жашоочулардын айтымында, аталган көп кабаттуу үйдү курган «Эмаком» ЖЧКсынын директору Мелисбек Жусупов үйгө тиешелүү көйгөйлөрдү чечүүнү убада бергенден бери бир нече ай өттү. Бирок үйгө байланыштуу соттук иштер аягына чыкпай жатат.

Аталган үйдүн жашоочусу Абдрашит Зикиров кыш жакындап, жашоочуларга кыйынчылык жаралып жатканын айтат.

«Үйдүн акчасын төлөп бүткөнүбүзгө 5-6 жыл болду. 2021-жылы батирлер берилмек экен, бирок көйгөйлөрү бүтпөй жатат. 120 үй-бүлө экенбиз, баарыбыз шок абалда болуп калдык. Анткени сот бузулсун деген чечим чыгарып коюптур. Ал жерде бир эле жүйөө — өрт өчүрүүчү унаа кире турган жолу жок экен. Биздин билишибизче, калганы жайында. Өрт өчүрүүчү унаа үчүн жол курулса эле маселе чечилет экен. Эми иш Жогорку сотко кетиптир. Бул ишти адилеттүү карап, туура чечим чыгарып берүүнү суранабыз. Анткени бул жерде 120 үй-бүлөнүн тагдыры жатат», — деди Зикиров.

Аталган үйдүн дагы бир жашоочусу Эдил Атамбаев бардык органдарга, анын ичинде президентке да кат жөнөтүшкөнүн, азырынча жооп күтүп жатышканын айтты.

«Келишим боюнча 2021-жылдын биринчи кварталында үй бүтүшү керек эле. Биз тараптан эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес. Айына төлөнө турган акчаларды өз убагында төлөп келгенбиз. Көп жылдан бери алар айткан убадалар аткарылбай жатат. Биздин кайрылуубуз, президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге болот. Эки соттук инстанциядан чечим чыгыптыр. 120 үй-бүлөнүн укугу, тагдыры эмне болот?», — деди Атамбаев.

«Эмаком» курулуш компаниясынын директору Мелис Жусуповдон комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

——————————————————

Буга чейин Turmush Ош шаардык архитектуралык-курулуштук контролдоо башкармалыгынын башчысы Руслан Суракматовго шилтеме берүү менен Ош шаардык соту «Эмаком» жоопкерчилиги чектелген коому курган 12 кабаттуу үйдү компаниянын эсебинен буздуруу боюнча чечим чыгарганын жазган.

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош шаары боюнча архитектуралык-курулуштук контролдоо башкармалыгынын маалыматына караганда, «Эмаком» ЖЧКсы курулушту эч кандай архитектуралык уруксаты жок, өзүм билемдик менен баштап алган. Бул боюнча аталган башкармалык Ош шаардык сотуна доо-арыз келтирген.

«Ош шаардык архитектуралык-курулуштук контролдоо башкармалыгы бул компаниянын курулушу боюнча каттарды берип, 200 миң сом айып пул салынып, сотко доо-арыз келтиргенбиз. Сот доо-арызыбызды канааттандырып, бузуу боюнча чечим чыкты», — деген Суракматов.

Ош шаардык сотунун чечиминде: «Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин «Эмаком» ЖЧКсы тарабынан өз алдынча курулуп жаткан 12 кабаттуу турак үйдүн курулушун мажбур иретинде буздуруу боюнча доо-арызы канааттандырылсын.

Ош шаарынын А.Маматсаков көчөсүнүн №226 дарегиндеги «Эмаком» ЖЧКсы тарабынан курулган 12 кабаттуу турак үй мажбур иретинде бузулуп, баштапкы абалына келтирилсин. Бузуу «Эмаком» ЖЧКсынын өз эсебинен жүргүзүлсүн», — деп айтылат.

Ош шаардык соту 2023-жылдын 31-майында чечим чыгарып, ал 2023-жылдын 3-июлунда күчүнө кирген.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы шаардык соттун чечими менен макул болбой, 2023-жылдын 18-июлунда жоопкер «Эмаком» курулуш компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коому апелляциялык даттануунун мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз жана апелляциялык даттануу менен Ош облустук сотунун соттук коллегиясына кайрылганын билдирген.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Эмаком» курулуш компаниясы жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси — Жусупов Мелис Ромидинович. Компания 2019-жылы 12-февралда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: имараттарды жана турак үйлөрдү куруу.

Мелис Жусупов — Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы).

Мелис Жусуповдун бир тууганы Эмилбек Жусупов — Жогорку Кеңештин депутаты («Ишеним» партиясы).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE