Пример HTML-страницы

Оштогу паркты ижарага алган ишкер кайра башкаларга ижарага берип, 20 млн сом киреше табары айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-мартта Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында таза суу, эс алуу багынын ижарасы боюнча маселеси көтөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

  • Жыйынга Ош шаарынын мэри, шаардык кеңештин төрагасы, шаардык кеңештин 37 депутаты жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда. Күн тартибине 12 маселе коюлган.

Депутат Бакай Жолдошбаев («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы айрым дүкөн-кафелер салыкты Кара-Суу районуна төлөп жатканын айтты.

Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы бир нече салык кызматкери менен биргеликте объекттерди кыдырып, көбүнө Ош шаарына салык төлөшү керектигин түшүндүрүп чыгышканын билдирди.

Депутат Эмил Раимов («Биздин Кыргызстан» фракциясы) шаардагы Алишер Навои паркынан канча ижара акы түшкөнүнө кызыкты.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Канышай Имарова быйылкы жылы 1 млн 300 миң сом ижара акы түшөрүн билдирди.

Ал арада мэр Бакытбек Жетигенов сөзгө аралашып, мурдагы келишим боюнча Навои паркын ишкер 5 жылга ижарага алып, 5 жылда 5 млн сом төлөп келгенин айтты.

«Аталган парк менен түзүлгөн келишимди карап чыгыш керек. Шаардан 5 жылга ижарага алып, 5 млн төлөйт. Ишкер паркты субарендага берип, жылына 15-20 млн сом табат экен», — деди Жетигенов.

Депутат Эмил Раимов көп ооруканалардын жерлери ижарага берилгендигин, айрымдары сатылгандыгын билдирди.

«Социалдык объекттердин жеке тарапка өтүп кеткени боюнча иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Анын негизинде көп ооруканын ичиндеги жерлер кайтарылган», — деди Канышай Имарова.

Ошондой эле депутат аталган маселе боюнча кат жүзүндө жооп берүүнү муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынан суранды.

Ага улай эле депутат таза суу маселесине да кызыкты.

Жыйында 115 млн сом суу кампаларына бөлүнгөндүгү, 6 миң куб метрлик суу кампалары курулары, быйылкы жылы таза суу көйгөйү чечилери маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE