Пример HTML-страницы

Оштогу көк бөрү оюнунда бейбаштык жасаган  65 жаранга кандай жаза колдонулду?

Акыркы жанылыктар

TurmushЭгемендүүлүк майрамына карата Ош облусунда өткөрүлгөн көк бөрү оюнунда ызы-чуу чыгарган 65 жаран кармалып, аларга карата бир катар жаза жана чаралар көрүлгөн. Бул боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы төмөнкүлөрдү билдирди.

31-август күнү ат майданында коомдук коопсуздукту бузган 65 жаран кармалган. Алардын ичинен 11 жаранга бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголуп, 2 айга камакта калтырылган. Ал эми 56 жаранга административдик чара көрүлгөн.

  • Буга чейин Ош ОИИБдин басма сөз кызматы Ош облусунда «Төлөйкөн» ат майданындагы ызы-чуудан кийин жалпы 65 жаран кармалганын билдирген.

Кармалгандардын ичинен 54 жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен протоколдор түзүлгөн. 9 жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Ал эми 5 жарандын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакта калтырылган.

2-сентябрь күнү Ош облустук милициясы 5 жаран камакка алынганын билдирген. Алар: Ноокат районунун 23 жаштагы тургуну М. уулу А., Араван районунун тургундары — 29 жаштагы И.А., 34 жаштагы А.Б., Өзгөн районунун 51 жаштагы тургуну Ж.Ж. жана Алай районунун 24 жаштагы тургуну К.уулу Б.

Ал эми 1-сентябрда Ош ОИИБ ат майдандагы ызы-чуудан кийин 25 адам кармалганын маалымдаган.

—————————————————————-

Ош шаарынын жанындагы «Төлөйкөн» ат майданында Ош облусунун «Достук» командасы менен болгон финалдык беттеште Талас облусунун «Ынтымак» командасы президенттин кубогун жеңип алган.

Маалым болгондой, оюн аяктагандан кийин ат майданга эл толуп, бир топ нааразычылыктар жаралган. Turmush басылмасынын кабарчысы чуу эмнеден улам башталганын тактап көрдү.

Оюндун 2-бөлүгүнүн акыркы мүнөттөрүндө (13:13 мүнөтүндө) улакты жерден эңип алган Манас Ниязов тайказанга карай бет алат. «Ынтымак» командасынын оюнга жаңы кирген №2 сандагы коргоочусу Манас Ниязовдун жолун тороп, улакты тай казанга салууга тоскоолдук жаратат. Мындан улам ал командага упай алып келе албай калат.

Ошондон тарта ат майданда отурган күйөрмандардын нааразычылыгы жаралып, желим бөтөлкөрдү ыргытып, чуу чыгара башташат. Оюнду коштоп жаткан алып баруучу элдин тынчтыкка чакырып, калыстар тобунун коллегиясы бардыгын, оюнду видеодон кайра кайталап көрүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтат.

«Достук» командасынын капитаны Кыяз Ниязов, «Ынтымак» командасынын капитаны Жолдошбек Орозбаев, башкы калыс Нургазы Борбиев, капталдагы калыстар — Эржигит Усаров, Азат Бейшеналиев бир нече мүнөттөр бою талашып-тартышып, түшүнбөстүктор орун алат. Натыйжада эч ким айып мамыга кетпей, калыстын ышкырыгы жаңырып, оюндун 3-бөлүгү башталат.

Көк бөрү оюнун талдоочулардын айтымында, дал ушул жерде алмашуу туура эмес орун алган. Эрежеге ылайык, оюнчу борбордук бөлүктөн кириши керек болчу. Бирок «Ынтымак» командасынын оюнчусу туура эмес жерден кирип кетип, тайказанга бет алган Манас Ниязовго каршылык жараткан.

Үчүнчү бөлүктө «Ынтымак» командасы дагы бир упай алууга жетишет. Натыйжада финалдык оюн 2:1 эсебинде жыйынтыкталып, Таластын «Ынтымак» командасы жеңишти багындырат. Көп өтпөй калыска нааразы болгон эл оюн талаасына чуркап кирип, жеңүүчүлөр ат майдандан качып чыгышат.

Ат майданда ызы-чуу салгандар тез жардам кызматынын унаасына таш ыргытып, айнегин талкалашкан.

Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынан Turmush басылмасына билдиришкендей, жалпы 4 адам ооруканага кайрылган. Алардын арасында көк бөрү боюнча «Ынтымак» командасынын оюнчусу Тойчу Коргонбаев жана милиция кызматкери бар болчу.

Turmush басылмасынын кабарчысына милициянын ыкчам чара көрүү атайын отрядынын кызматкери — ооруканага түшкөн милиция кызматкери капталдагы калысты ат майдандан кантип алып чыгып кетишкенин айтып берген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев түндө көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдештин финалдык беттешинен кийин орун алган окуя боюнча кайрылуу жасаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE