Пример HTML-страницы

Оштогу дарыканаларда акыл-эске терс таасир берген дарылар сатылып жатканын айтышты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 15-ноябрда Ош шаардык кеңешинин кезектеги 14-сессиясы өтүп жатат, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

  • Күн тартибине 12 маселе коюлган. Учурда ар түрдүү маселелер каралып жатат.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Нурислом Каримов («Бир бол» фракциясы) дарыканаларда акыл-эске терс таасир берген дарылар сатылып жатканын билдирди. Анын айтымында, дарыканаларда сатылган «Лирика», «Тропикамид» дарылары балдарга терс таасирин тийгизип, ата-энелер кайрылып жатат.

Ош шаардык прокуратурасынын прокурору Өмүрбек Жүжүров: «Аталган дарылар балдардын акыл-эсине терс таасирин тийгизүүчү наркотикалык дарылардын катарына кирбейт экен. Башкы прокурор келгенде да ушул боюнча кайрылышкан. Бул боюнча катуу көзөмөлдөп, иштер жүрө турган болгон», — деп жооп берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE