Пример HTML-страницы

Ошто «Түштүк Экспо-2022» эл аралык көргөзмө-жармаңкеси башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 15-сентябрда Ош шаарында «Түштүк Экспо-2022» эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жармаңкесинин ачылыш аземи өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чарага Кыргызстандан 40тан ашуун компания катышууда. Мындан тышкары Өзбекстандан 6, Ирандан 2, Россиядан 3, Беларусь Республикасынан 20дан ашуун компаниялар жармаңкеге катышып, өздүк продукцияларын коюшту.

«Бул жармаңке бизде жыл сайын болуп, эки күнгө созулат. Негизги максаты — бизде өндүрүлгөн товарларды башка ишкерлерге да тааныштырып, товар өткөрүү», — деди Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов.

Көргөзмө-жармаңкеге ата мекендик айыл чарба продукциялары, улуттук кийимдер, экологиялык айыл-чарба продукциялары, улуттук суусундуктар, жүндөн жасалган буюмдар жана башкалар коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE