Пример HTML-страницы

Ошто милиция кызматкерлери шайлоо тилкелерине жөнөп кетишти

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун аймагында жергиликтүү шайлоого карата бюллетендерди жеткирүү жана коомдук коопсуздукту сактоо максатында бөлүнгөн кызматкерлер шайлоо участкаларга жөнөп кетишти. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Эртең, 9-апрелде Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагында, Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл аймагында, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында жана Ноокат районунун Исанов айыл аймагында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт.

«Шайлоо күнүндө милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту карашат. Ошондой эле жарандардын укуктарын, эркиндиктерин, шайлоо тилкелерин, анда коюлган жабдуулардын коопсуздугун камсыздашат. Аталган өнөктүккө байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан милиция кызматкерлерине шайлоо учурунда жарандардан келип түшкөн арыз-даттанууларды ыкчам кароону, ыкчам чара көрүү боюнча талап коюлду. Мындан сырткары ар бир кызматкердин бөлүнгөн тилкелерде жарандарга карата сылык мамиле кылууну, алдыга койгон кызматтык милдеттерин так аткаруу боюнча нускама өткөрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Шайлоонун жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Шайлоо күнү Ош облусунун аймагында ички иштер органдарынын 16 документтештирүү тобу, 20 ыкчам жабуу тобу күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE