Пример HTML-страницы

Ошто балдар үйүндөгү кыз сабалганы тууралуу кабарланган. Мекеменин жетекчиси эмне деди?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы «Лотос» балдар үйүнүн жетекчиси Р.А. 5 жаштагы кыз сабалган делген окуя боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, окуя 2022-жылы 5-июнда болгон.

«Ал күнү Карина (аты өзгөртүлдү, К.Ч.) өзүнүн бөлмөсүндө Разия (аты өзгөртүлдү, Р.С.) менен сүйлөшүп отурган. Ошол убакта Каринанын бөлмөсүнө 2016-жылы туулган Регина (аты өзгөртүлдү, С.Р.) киргенге аракет кылган, бирок аны Карина киргизбей койгондуктан, бакырып ыйлаган», — деди Р.А.

Жетекчи Регинанын ыйлаганын угуп, аны сооротууга аракет кылган жана кызды көтөрүп, бөлмөсүнө алып кирген. Р.А.нын айтымында, ошол учурда тырмагы Регинанын колун тилип кеткен.

2023-жылы 10-февраль күнү Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору жана Ош шаардык прокуратурасынын өкүлдөрү кирген комиссия териштирүү жүргүзүп, анын жыйынтыгын Ош шаардык прокуратурасына өткөрүп беришкен.

Шаардык прокуратура териштирүү иштери уланып жатканын, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.

Ал эми Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы зордук-зомбулукту алдын алуу максатында ай сайын мониторинг жүргүзүлүп турарын, 2022-жылы 3-июнда дагы текшерүү өткөрүлгөнүн, июль айындагы текшерүүдө кыздын денесиндеги тактар байкалбай калганын белгиледи.

Буга чейин «Лотос» балдар үйүнүн 5 жаштагы тарбиялануучусу сабалганы тууралуу маалымат тараган.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча жетекчиси Улукбек Абдулазимов Turmush басылмасына билдиргендей, кичинекей кыз балдар үйүнүн кызматкери тарабынан сабалганы тууралуу анонимдүү видео келип түшкөн. Анда кыздын бети, моюну жана колдору тытылганын көрүүгө болот.

«Бул видео бир нече ай мурун тартылган экен. Анын негизинде биз 10-февралда Ош шаардык прокуратуранын кызматкерлери, психологдор, социалдык адистер менен биргеликте коммссия түзүп бардык. Биз барганда жетекчи Р.А. балдар ызылдаганда тынчтандыруу максатында кызды ийининен кармаганын айтты. Ошол кезде колунда маникюр болгонун ырастады. Кыз болсо өзү жыгылып калганын билдирди. Учурда алардын мамилеси жакшы экен. Психологдор да кыз менен сүйлөшүп, топтолгон материалдарды Ош шаардык прокуратурасына өткөрүп бердик. Негизи буга чейин аталган балдар үйүндөгү абал талапка жооп берчү эмес. Быйыл жашоо шарты бир кыйла жакшырды», — деди Абдулазимов.

Буга чейин «Лотос» балдар үйүнүн жетекчиси ооруканада экенин айткан болчу.

«Кызды урду делген кызматкер менмин. Бардык күнөөнү мойнума алып жатам. Анткени мен жетекчи катары жоопкерчиликти мойнума алышым керек. Бүгүн ооруканадан үйгө чыгам, ошондо толук маалымат берем», — деген ал.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, «Лотос» балдар үйүнүн тарбиялануучусу боюнча эч ким арыз менен кайрылган эмес. Социалдык тармакка чыккан маалыматтардын негизинде окуя электрондук журналга катталып, Сулайман-Тоо милиция бөлүмү иш алып барууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE