Пример HTML-страницы

Өлкөдө убакытты 1 саатка артка жылдырууга караколдуктар кандай карашат?

Акыркы жанылыктар

TurmushАКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында «Баткен таңы» гезитинин башкы редактору Адылбек Акматов менен Баткендеги врач-стоматолог Кыргызстанда убакытты 1 саат артка жылдыруу демилгени көтөрүшкөн.

Советтер союзу учурунда «кышкы убакыт», «жайкы убакыт» деп жылдырылып турган. Кыргызстан саатты акыркы жолу 2005-жылы алдыга жылдырган. Ошол бойдон убакыт каралбай калган.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы тургундар кышкы убакытты 1 саат артка жылдыруу сунушуна кандай карашат? Аймактык кабарчы калаа элинен сурамжылоо жүргүзүп көрдү.

Анда эртең менен мектепке барган окуучулар менен бала бакчанын тарбиялануучулары үчүн жакшы болмок деген ойлор менен бөлүштү. Муну менен катар учурдагы убакытка эл көнүп калганын жана аны жылдыруунун кереги жок экенин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE