Пример HTML-страницы

Ноокатта «Тойота» сүзүп кеткен адам ооруканага түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 3-майда саат 11:30 чамасында Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында 65 жаштагы адам жолдон өтүп бара жатканда унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдирди.

Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы тастыктады.

«Көк-Бел айыл аймагынын 1961-жылы туулган тургуну А.А. «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаасы менен Көк-Бел айылынан Ноокат шаарына келе жатып, Кыргыз-Ата айылында жолдон өтүп бара жаткан 1957-жылы туулган К.А.ны сүзүп кеткен. Жабырлануучу Араван районунун тургуну болгон. Ал кырсыктан кийин Ноокат райондук ооруканасына кайрылган. Ноокат райондук ооруканасынан билдиришкендей, анын мээси чайкалган. Учурда абалы жакшы», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE