Пример HTML-страницы

Немис тилчи Дамира Козубекова улуттук тамактарды жасап, той алдында элди тосуп алып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарынын 49 жаштагы тургуну Дамира Козубекова улуттук даамдарды өнүктүрүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, И.Арабаев атындагы университеттин чет тилдер факультетинин немис тили бөлүмүн аяктаган.

«Алгач Талас мамлекеттик университетинде сабак берип иштеп баштадым. Андан кийин турмуш шартка байланыштуу, декреттик өргүүдөн кийин 20 жылдан ашык убакыт үйдө отуруп калдым. Ушул жылдан баштап тойлорго, ар кандай мааракелерге кыргыздын улуттук тамактарын алып чыгып, фуршет уюштуруп тосуп жатам. Бул идеяны Бишкек шаарынан көрүп келгем. Таласта мындай жок деп, аябай жактырып, изденип, кичинемде апам, чоң апам үйрөткөн эски тамактарды жасаганды кайрадан өздөштүрдүм. Башында абдан корктум, эл кандай кабыл алат, жактырабы деп ойлондум. Бирок баарына жагып жатат. Менин эң чоң жардамчым — кызым.

Кыргыздын унутулуп бара жаткан тамак-аштарын жасап, этно фуршет деп элди той алдында тосуп жатабыз. Эт азыктары, сүт азыктары, улуттук суусундуктар коюлат. Баары ошол той күнү жасалат. Эт азыктарына чучук, олобо, быжы, куйрук боор кирет. Сүт азыктарына каймак, тыбыт, чөбөгө, сары май кирсе, суусундуктардан кымыз, жарма, чалап, максым коюлат. Дан азыктарынан нандын түрлөр бар, боорсок, каттама, оймо нан, чак-чак, көк боорсок (бедеден жасалган боорсок) коюлат.

Элге бул азыктар аябай кызык болуп жатат. Мисалы 150 адам катышкан банкетке 15 миң сомго барып жатабыз. Мындай эл менен иштеген жумушта кызыктуу учурлары көп болот экен. Тойго эрте келген конок бар. Кеч келген конок бар. Бирөөсү келип «булар сатылабы?» деп сурашат. «Жок, бул той ээсинин конокторго сыйы» деп айтабыз.

Бир жолу мындай болду, чоң эле киши, жайылган дасторкондогу олобону (өпкөдөн жасалган эт азыгын) баарын түгөтүп анан тойго кирген эле. Мага аябай күлкүлүү болду. Анткени тойго кире элек жатып эле тоюп калды деп ойлодум. Өзү улам келип, «жакшы экен» деп рахматын айтып жатты», — деди ал.

Ашпозчу айым 1 уул, 2 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE