Пример HTML-страницы

Нарындын айылындагы орус тилчи эл аралык олимпиада профессорлор менен ат салышты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Нарын районунун Өрнөк айылындагы Жакып Өмүралиев атындагы орто мектебинин мугалими Анаргүл Жолдубаева орус тили боюнча эл аралык педагогикалык олимпиадада «Жогорку усулдук сабаттуулук» номинациясы боюнча жеңүүчү болду. Бул аймактык кабарчыга өзү билдирди.

Сыйлыкты Иммануил Кант атындагы Балтика федералдык университетинин ректору Александр Федоров тапшырды.

Орус тили боюнча Биринчи эл аралык педагогикалык олимпиада 2023-жылдын 20-30-ноябрь күндөрү Калининград шаарындагы Балтика федералдык университетинде өткөн.

Тандоо этабына 28 өлкөдөн 150гө жакын адам катышкан. Анын жыйынтыгы боюнча 11 адам жеңүүчү, 12 адам вице-жеңүүчү деп аталган.

Анаргүл Жолдубаеванын айтымында, жазуу жана оозеки түрүндө жана долбоор жазуу боюнча үй тапшырма берди.

«Быйылкы олимпиада профессорлор, университеттердин мугалимдери, илимдин кандидаттары менен ат салыштым. Кичинекей айылдагы мектептен баргандардан мен эле болдум. Жогорку деңгээлде уюштурушуптур. Эмдиги жылы дагы сөзсүз катышыңыз дешти. Кудай насип кылса катышабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE